АКШда Орусияга каршы экономикалык санкциянын жаңы пакети даярдалды. Бул тууралуу Reuters ишенимдүү булактарга таянып билдирди. Алардын айтымында, чектөөлөр энергетика жана банк секторуна багытталган, анын ичинде табигый ресурстар менен иштеген "Газпром" баштаган компаниялар да бар.
"Санкциянын максаты - Москвага басымды күчөтүп, аны президент Дональд Трамптын орус-украин согушун токтотуу демилгесин колдоого аргасыз кылуу", - деп билдиришкен агенттиктин маектештери. Трамп сунушталган чараларга макул болобу же жокпу белгисиз.
Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жеймс Хьюитт президент башынан эле ок атышууну токтотууну талап кылганын билдирди, бирок сүйлөшүүгө толук комментарий берүүдөн баш тартты. АКШнын Каржы министрлиги кырдаалды комментарийлеген жок.
Bloomberg басылмасынын маалыматында Владимир Путиндин согушту токтотууну каалабагандыгы үчүн Трамптын кароосунда басымды күчөтүүнүн бир канча варианты жатат. Трамптын планы толук ачыктала элек.
Буга чейин ушул жумада АКШнын 70 сенатору Орусияга олуттуу санкция киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдогон. Документте Орусиядан мунай, газ жана уран импорттогон өлкөлөргө 500% чейин төлөм киргизүү каралган.
Шерине