Бир сутка ичинде Украинанын Харьков облусунда ок атышуунун айынан бир адам каза таап, элүүсү жараат алды. Бул тууралуу ишембиде облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.
Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр, бала бакча, 17 автоунаа, окуу имараты, гараж жана жеке үйлөр жабыркаган. Облустун үч районунда жарандык инфратүзүм да чабуулга кабылган.
Харьков жума күнү учкучсуз учактардын чабуулуна кабылган. "Эч кандай аскердик буталар болгон эмес жана болушу мүмкүн эмес" деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Харьковдун полициясынын жетекчиси Пётр Токарь Харьковдо баарынан мурда Слободской району жабыр тартканын айткан.
Ишембиге караган түнү учкучсуз учактар Орусиянын Краснодар аймагындагы Кара деңиздин жээгин аткылашты. Бул тууралуу аймактын губернатору Вениамин Кондратьев билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча Новороссийскиде беш адам жабыр тарткан, арасында эки бала бар.
Кондратьевдин айтымында, үч көп кабаттуу үй, дан салынган терминалдагы үч резервуар жабыр тарткан. Шаарда өзгөчө кырдаал режими кирген.
"Учкучсуз учактардын сыныктары Темрюк районундагы Тамань станциясына, Анапанын астындагы Юровка жана Цибанобалка айылдарына түштү. Үйлөргө зыян келтирилген, адамдар арасында жабыркагандар жок", - деп жазды Кондратьев Телеграм-каналына.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, түндө 170 украин учкучсуз учагы, көбү аннексияланган Крымда (96) жана Краснодарда (47) атып түшүрүлгөн. Андан тышкары Кара деңиздин акваториясында 14 экипажы жок катер талкаланган.
Шерине