Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

"Маралдын" жаңы кожоюну радионун ишмердиги уланарын билдирди


“Марал” радиосунун эн белгиси.
“Марал” радиосунун эн белгиси.

"Марал" иштеп жатканын өзүн аталган медианын жаңы жетекчисимин деп тааныштырган Уланбек Алыбаев "Азаттыкка" кабарлады.

"Быйыл мартта сатып алгам. Лицензиясы, уруксат кагаздары менде. Анан кечээтен баштап эле "жабылды" деп жатышат. Карыздары көбөйүп, жаңы жылга чейин эле коллективин таратып жиберишкен экен. Анан кайсы коллективди айтып жатышканын билбейм. Азыр Юстиция министрлигинин сайтына кирип, ТРК "Маралдын" жетекчиси ким экенин көрсөңөр болот. Мага сайты менен социалдык тармактарын бербей коюшкан. Мага алардын кереги деле жок, радио иштеп турса болду", - деди Алыбаев.

Алыбаев медианы канча суммага сатып алганын айтуудан баш тартты. Анын белгилешинче радио кыргыз тилинде чыгат. Негизинен музыкалык жана маалыматтык берүүлөргө басым жасалат.

Уланбек Алыбаев 1996-жылдан бери эле медиа тармагында иштерин, "Пирамида" каналында эмгектенгенин, кийин "Авторадио", iRadio ж.б. көңүл ачуучу медиаларды негиздегенин кошумчалады.

Буга чейин “Марал” радиосу башкаруу кеңешинин чечими менен ишин токтоткону, буга каржылык маселе негизги себептердин бири болгону кабарланган. Бул тууралуу радионун соцтармактагы баракчасына маалымат жарыяланып, буга чейин медиада иштеген бир нече журналист аны ырастаган.

Кыргызстандагы саналуу көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири “Марал” - радио, ТВ жана сайт болуп мултимедиалык медиа катары иштеп келаткан.

maralfm.kg сайты азыр иштебей турат. Ютуб жана Фейсбуктагы баракчалары ушул жылдын январь айынан бери жаңылана элек.

“Марал ТВ” теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн. 2011-жылдын 11-декабрынан тарта компанияга караштуу “Марал” радиосу түзүлүп, 2012-жылдын январь айынан тартып уктурууларын баштаган жана 24 саат бою обого чыгып, угармандарга көңүл ачуучу программаларды да сунуштады.

Алгач Ош облусунда эфирге чыгып, кийинчерээк башка аймактарда, Чүй облусу, Бишкек шаарында да тарта баштаган. Ортодо “24 ТВ” деген аталыш менен телеканал катары эфирге чыгып, кийин ал “Марал ТВ” деп өзгөртүлгөн.

“Марал” жалаң кыргыз тилиндеги программа, уктуруулары аркылуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды ыкчам чагылдырып, талуу маселелер боюнча түз эфирде талкууларды уюштуруп, коомдук-саясий темаларды берип турган. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG