Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:05

Быйыл спортту өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт


Париж Олимпиадасынын коло медалынын жеңүүчүсү Үзүр Жусупбеков. (Архивдик сүрөт)
Париж Олимпиадасынын коло медалынын жеңүүчүсү Үзүр Жусупбеков. (Архивдик сүрөт)

Кыргыз өкмөтү спортту каржылоо үчүн быйыл 2 миллиард 445 миллион сом бөлөт. 2024-жылы бул сумма 2 миллиард 141 миллион сомду түзгөн.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 3-майда "Run the Silk Road – 2025" марафонунда сүйлөп жатып айтты.

Министрдин белгилешинче, 2024-жылы кыргыз спортчулары ар кандай мелдешке катышып, 835 медаль утуп келишкен.

"Өлкөдө жаңы спорттук жайлар курулууда, алардын катарында ФИФАнын талаптарына жооп берген, Борбор Азиядагы эң чоң стадион да бар", - деди Төрөбаев.

"Run the Silk Road – 2025" марафону Чолпон-Атада өтүп жатат. Анда жөө күлүктөр 42,2 чакырым, 21,1 чакырым, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыктарда жарышты. Скандинавиялык басуу да уюштурулду.

Марафондун максаты - ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы достукту чыңдоо жана элди сергек жашоого үндөө экени кабарланды.

Өткөн жылы Париж Олимпиадасында Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээлеп, бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң чоң жетишкендик деп табылган. Ага чейин кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан.

Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде төрт позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 210 кураманын ичинен 103-орунду алды. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG