Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

Орусиялык ЖМКлар Ошто кармалган төрт кишинин бирин Виктор Васильев деп атады


Виктор Васильев. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды
Виктор Васильев. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды

24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамдын бири орусиялык Виктор Васильев экенин жазды. Орусиялык медиа аны "эксперт", "саясат таануучу" жана "африканист" катары сыпаттап жатканын "Радио Свобода" билдирди.

"Регнум" маалымат агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова Телеграмга Васильев алардын Африка жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти экенин жарыялады.

"Свобода" радиосу менен "Настоящее время" каналынын "Система" долбоорунун, The Insider, "Досьенин" буга чейинки биргелешкен иликтөөсүндө Васильевдин ысымы аталган. Иликтөөдө ал улутчулдук көз карашты карманганы жана фамилиясы мурда Луковенко болгону, ынды студенттин өлүмүнө айыпталып соттолгону, "Вагнердин" башчысы, маркум Евгений Пригожин менен байланышы бар түзүмдөр менен кызматташышы, Орусиянын чалгыны менен да байланышы болушу мүмкүндүгү айтылган.

14-апрелде Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамга "кыргызстандыктарды Украинадагы согушка азгырышкан" деген айып коюлган. Алардын арасында "Орус үйү" уюмунун кызматкери Наталья Секерина, Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин бар экени белгилүү болгон. Дагы эки кишинин ысымы айтылбай жаткан.

“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаковдун муну чагым катары атап, Наталья Секеринаны бошотуп алабыз деп айтканы талкуу жараткан.

Шектүүлөро Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин – “Жалдануучулук” деген айыптын биринчи бөлүгү “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу” деген айып коюлган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде төртөөнүн тең бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алган.

Атайын кызмат козголгон кылмыш иши, кармалган адамдар тууралуу маалымат бере элек. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG