Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

Украина: Марганецте дрон чабуулу тогуз кишинин өмүрүн алды


Марганец. 23-апрель, 2025-жыл
Марганец. 23-апрель, 2025-жыл

Украинанын Днепропетров облусундагы Марганец шаарында дрон чабуулунан каза тапкандар тогуз кишиге жетти, 30у жараат алды.

Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди.

«Жараат алгандардын саны өсүп жатат», - деп жазды ал Телеграмга.

Маалыматка караганда, ишканалардын биринин жумушчулары түшкөн автобуска дрон тийген.

Марганец Николаев шаарына жакын жайгашкан. Эки калаа тең орус армиясынын тынымсыз аткылоосуна кабылып келатат.

Орусия тарап соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG