Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:16

Депутат Сурабалдиева жер мунапысынын мөөнөтүн узартууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жер мунапысынын мөөнөтүн узартууну суранды. Бул тууралуу депутат Сурабалдиева 23-апрелде парламентте айтып чыкты. Анын айтымында, Бишкектин айланасындагы айрым жаңы конуштардын тургундары жер мунапасынын алкагында "кызыл китептерин" алып жетишпей калды. Буга мисал катары Сурабалдиева “Аска-Таш” конушун келтирди. Мындан улам депутат президенттин администрация жана өкмөткө кайрылып, жер мунапысын узартууга чакырды.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Бишкек шаардык мэриясы бул ишти быйыл жыл аягына чейин бүткөрүү пландалып жатканын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG