Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия фронтто тынчтыкты кармаса, өз өлкөсү да ошого жараша аракет кыларын билдирди. "Тынчтыкка тынчтык, сокку урулса коргонуу үчүн жооп болот", - деди ал.
Анын айтымында, орусиялык аскерлер фронттун айрым бөлүктөрүндө аскердик аракетин улантууда.
"Москванын сөзүнө ишеним жок. Биз Москва кантип манипуляция кыларын билебиз жана баарына даярбыз. Украинанын коргоо күчтөрү рационалдуу, өзүнө жараша жооп кайтарууга аракет кылат", - деди Зеленский.
Зеленский Пасхадан кийин да тынчтык режимин узартууну сунуштады. "Бул Орусиянын чыныгы ниетин көрсөтөт, анткени 30 саат жарыя үчүн жетиштүү, бирок ишенимди чыңоочу ыкмалар үчүн жетишсиз", - деди украин президенти. Ал Орусия АКШнын 30 күн ок атышууну токтотуу сунушуна жооп бербегенин кошумчалады.
Ишемби күнү кечинде Зеленский фронттун айрым жеринде орусиялык артиллериянын жаңырыгы угулуп турганын айтты.
"Курск жана Белгородго Путиндин Пасха алдында айткан билдирүүсү жеткен жок. Аскердик аракеттер уланууда, орусиялыктар сокку уруп жатышат", - деди ал.
Орусиянын президенти Путин Украина менен Пасха алдындагы элдешүү тууралуу айтып, ал 19-апрелде 18:00дөн 21-апрелде 00:00гө чейин иштей турганын билдирген. Коргоо министрлиги ок атышууну токтотуу келишимин "Украина менен ич ара келишүүнү карманууга" жараша сактарын айткан.
алда
Шерине