Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Украина менен АКШ экономикалык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту


Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко Киевде Reuters агенттигине маек берип жатат. 2022-жыл, 23-август.
Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко Киевде Reuters агенттигине маек берип жатат. 2022-жыл, 23-август.

Украина менен Кошмо Штаттары экономикалык өнөктөштүк келишимине карай маанилүү кадам ташташты. Бул тууралуу Украинанын экономика министри жана вице-премьер-министри Юлия Свириденко социалдык тармак аркылуу билдирди.

Анын айтымында, тараптар “ниет тууралуу меморандумга” кол коюп, бул документ Украина менен АКШнын ортосунда толук кандуу Экономикалык өнөктөштүк келишимин түзүүгө жана Украинаны калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фондду негиздөөгө жол ачат.

Буга чейин Американын президенти Дональд Трамп Украинанын сейрек кездешүүчү минералдары боюнча келишимге 24-апрелде кол коюлушу мүмкүн экенин айткан. Ал кошумчалагандай, Украинага “абдан пайдалуу сунуш” берилген.

Вашингтон үчүн сейрек кездешүүчү минералдар улуттук коопсуздук жана заманбап технологиялар үчүн өтө маанилүү ресурстар болуп саналат.

Трамптын администрациясы бул жаатта Кытайга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүнУкраина менен келишимди стратегиялык кадам катары карап жатат.

Трамп ошондой эле бул келишим аркылуу Украинага согуш башталгандан бери берилген миллиарддаган долларлык жардамды кайтарып алууну дагы көздөрүн жашырбайт.

Экономикалык келишим боюнча сүйлөшүүлөр тынчтык жараянына байланыштуу талкуулар менен бир маалдда жүрүп жатат.

Юлия Свириденко келишимдин акыркы долбоору даяр болгондо, аны Украинанын Жогорку Радасы (парламент) ратификацияланышы керек экенин айтты.

“Бул келишим Украинада инвестицияга, өнүгүүгө шарт түзүп, эки өлкө үчүн да реалдуу экономикалык өсүшкө жол ачат,” — деди ал.

Свириденко келишим инфраструктураны жаңылоого, инвестиция тартууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG