Түндүк–түштүк кошумча жолунун Арал–Казарман тилкесине 18-мартта кечки саат 10дор чамасында таш түштү жана каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Табигый кырсык болгон жерге техника тартылып, таш көчкүнүн көлөмү такталып жатат.
Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны мурда жол такыр түшпөгөн тилкелер аркылуу салынган.
Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.
Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы 2022-жылы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыяларын жээктеп салынган жана анын 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. 2023-жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.
Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы, жол куруудагы коррупция тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Шерине