Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Бишкекте борбордук жылуулук 17-мартта өчүрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Абанын табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу 17-марттан тарта Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө шаардын борбордук системасынан жылуулук берүү токтотулат. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 14-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калааны жылытуучу "Бишкекжылуулукэлектрборбору", "Бишкекжылуулуктармактары", "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканаларына жана мекемелерге отказандарын өчүрүү тапшырмасы берилди.


Мэрия быйылкы жылуулук сезонунда бардык жылытуучу системалардын үзгүлтүксүз иштөөсү камсыз кылынганын белгиледи. Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кубаттуулугу 450 мегаватты түзгөнү, жалпы 600 млн сомдук отун үнөмдөлгөнү кабарланды.

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн басымдуу бөлүгүн ысытып келген Бишкек ЖЭБи – Кыргызстандагы эң ири электр энергия жана жылуулук булактарынын бири. Ал 1961-жылы курулуп, 2017-жылы реконструкциядан өткөн. Бирок андан кийин да объектте бир нече ири авария катталган.

2024-жылы өкмөт стратегиялык мааниге ээ болгон ЖЭБди “Электр станцияларынын” карамагынан чыгарып, Бишкектин мэриясына өткөрүп берген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG