Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Буэнос-Айресте үнөмдөөгө каршы акцияда ондогон киши жаракат алды


Аргентинанын борборундагы баш аламандыктар, 12-март.
Аргентинанын борборундагы баш аламандыктар, 12-март.

Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айресте демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болду. Маалыматка караганда, баш аламандык президент Хавьер Милей киргизген үнөмдөө чараларынан улам пенсиянын өлчөмүн төмөндөткөн чечиминен кийин тутанды.

Маалыматка караганда, 46 киши жарадар болуп, 120дан ашыгы кармалды. Полиция демонстранттарга каршы желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Чогулган эл укук коргоо органдарынын кызматкерлерине таш ыргытып, көчөдөгү автоунаалар, таштанды челектерин өрттөгөнү кабарланды.

Аргентинанын Коопсуздук министрлигинин маалыматына караганда, жаракат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн жана полициянын 26 кызматкери бар. Алар ооруканага жеткирилди. Ок жеп түшкөн бир бейтапка операция жасалды. Жаракат алган демонстранттардынын биринин абалы оор экени кабарланды.

Бийликтин айтымында, чогулган элдин арасында футбол күйөрмандары көп. Жергиликтүү маалымат каражаттары Улуттук конгресстин имаратынын алдындагы митингге солчул бирикмелердин жана кесиптик кошуундардын мүчөлөрү да катышканын жазды.

Аргентинанын кесиптик кошуун федерациясы өз билдирүүсүндө бийликти сындап, «демонстрацияны ырайымсыз, мыйзамсыз басты» деп айыптады.

Федерация жаракат алгандардын арасында пенсионерлер, ЖМК кызматкерлери, жолдон өтүп бараткандар бар экенин белгиледи.

Аргентинанын президенти Хавьер Мейли 2023-жылы кызматка келип, радикалдуу экономикалык реформаларды баштаган. Ал миңдеген мамлекеттик кызматкерлерди иштен бошотуп, социалдык программалардын бир тобун кыскарткан.

Бул чаралар инфляцияны бир кыйла төмөндөткөнү менен экономикада башка кыйынчылыктарды жараткан. Аргентинанын калкынын 50% ашыгы жакырчылыкта жашайт. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG