Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Мирлан Сражидинов каза болгондуктан 12-марттагы калган оюндар токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, федерациянын башкармалыгынын мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулуп, Нооруз турнири боюнча талкуу болот.
12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште улакчы Мирлан Сражидинов каза болгон.
Биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын оюнунда “Бөрүлүнүн” номур биринчи катардагы оюнчусу жерден улакты көтөрүп жатканда каршылаш команданын оюнчусу келип ат менен сүздүргөн.
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы окуя саат 10дор чамасында болгонун, “Тез жардам” чакыртылып, 45 жаштагы (С.М) ооруканага жетпей каза тапканын билдирди. Бул факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.
Нооруз майрамына уюштурулган турнирде биринчи, экинчи жана жогорку лигада командалар күч сынашат. Көк бөрү федерациясынын Ютубдагы каналындагы маалыматка караганда, кырсыктан кийин үч беттеш болгон.
Кыргызстанда көк бөрү оюнунан каза болгондор, жаракат алгандар буга чейин да катталган.
Көк бөрү - Кыргызстанда күйөрманы көп улуттук оюндардын бири. Ал ар жылы түркүн майрамдарда, мааракелерде республикалык масштабда да, аймактарда да жеке адамдардын уюштуруусу менен өткөрүлүп келет.
Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев былтыр оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген. (BTo)
Шерине