Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Майлуу-Сууда милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштады


Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштады. Бул тууралуу 28-январда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 20-январь күнү жергиликтүү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Майлуу-Суу шаардык ооруканасынан жаракат алган эки адам тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле шаардын тургундары 1999-жылы туулган Н.К. жана А.К. аттуу жарандар денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул фактыны Майлуу-Суу ШИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери Маалыматтарды электрондук каттоо журналына каттап, териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө шаардык милициянын эки кызматкери менен жергиликтүү эки тургун 19-январь күнү мушташып кетишкендиги аныкталган. Учурда төртөө тең ооруканада жатат.

Факт боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу шаардык прокуратурасына өткөрүп берилди. (TB\ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG