Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-майда чыгарды. Сот чечимине ылайык, Темирбек Эркинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.
Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун кеңсесинен "Азаттыкка" билдиришти.
Айрым маалымат каражаттары Темирбек Эркинов коррупция боюнча мурдараак козгогон кылмыш ишинин алкагында, атайын кызмат тарабынан кармалганын жазышты.
УКМК бул маалыматты тастыктоону сураган "Азаттыкка" азырынча жооп бере элек.
Темирбек Эркинов 2021-жылы, ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондунун капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.
Темирбек Эркинов Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоого "Либерал-прогрессивдүү партиясынан" катышкан.(ZKo)