Расмий Пхеньян алгачкы жолу Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA агенттиги жазган маалыматка караганда, аскерлерди жөнөтүү "Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын буйругуна" ылайык жана эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге ылайык жүзөгө ашырылган.
"Украинанын бийлигинин Орусия Федерациясына жасаган авантюристтик кол салуусунун мизин кайтаруу максатында Курск облусун бошотуу боюнча операциялар жеңиш менен аяктады", — деп жазды агенттик.
Андан тышкары Пхеньянда "Түндүк Кореянын эр жүрөк уулдарынын баатырдыгына арналган эстелик тургузулары жана курман болгон жоокерлердин бейиттерине эл гүл коюп, алардын түбөлүк өмүрүн каалары" белгиленген. Бул согушта канча түндүк кореялык канча аскер набыт болгону белгиленген эмес.
Пхеньяндын бул билдирүүсү орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов Курск облусундагы согуштук кырдаал тууралуу маалымдаган соң жарыяланды. Анда генерал Орусиянын президенти Владимир Путинге аймактагы кырдаал тууралуу баяндап жатып, "түндүк кореялык аскерлер облусту бошотууда чоң жардам көрсөткөнүн" билдирди.
Түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги буга чейин эле кабарлап келген. Москва менен Пхеньян расмий бышыктаган да эмес, так четке каккан да эмес.
Дүйшөмбүдө Путин Курск облусунда салгылашкан түндүк кореялык аскерлерге ыраазычылык билдирди.
"Орустялык жоокерлердин катарында туруп, өз мекенин коргон жаткандай салгылашка корей жоокерлеринин баатырдыгына, жогорку деңгээлдеги атайын даярдыгына жана жан аябас эрдигине терең таазим кылабыз", - деп айтылат Кремль тараткан билдирүүдө.
Пхеньян менен Москванын ортосундагы бири-бирине аскердик жардам көрсөтүүнү камтыган келишим өткөн жылдын июнь айында, Путин Түндүк Кореяга баргандакол коюлган. Август айында украин аскерлери Орусиянын Курск облусунда атайын операция баштап, бир топ аймактарды өз көзөмөлүнө алган.
Октябрда Москва менен Пхеньяндын ортосундагы келишим ратификацияланган жана дээрлик ошол эле учурда Түндүк Корея аскерлеринин жөнөтүлгөнү жана алардын согуштук аракеттерге катышканы тууралуу маалыматтар чыга баштаган.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы түндүк кореялык контингенттин саны 10 миңден ашканын жана чоң жоготуулар болгонун билдирген. Бирок бул жоготуулар боюнча көз карандысыз ырастоолор жок. Январь айынын башында украин аскерлери түндүк кореялык эки жоокер туткунга түшкөнүн жарыялаган.
Түндүк кореялык аскерлердин аннексияланган Крымда же Украинанын башка аймактарындагы согуштарга катышканы тууралуу маалыматтар болгон эмес. Москва менен Пхеньяндын акыркы билдирүүлөрүндө да сөз негизинен Орусиянын Курск облусу тууралуу болуп жатат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинден "атышууну токтотуп", Украинадагы согушту аяктоо үчүн тынчтык келишимине кол коюуну талап кыларын билдирди.
Бул тууралуу ал 28-апрелде, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Мен андан атышууну токтотуп, отуруп алып келишимге кол коюуну каалайм," — деди Трамп.
Андан мурда Трамп Рим папасы Францисктин тажыясынын барганда Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан. Бул тууралуу айтып берип жатып, жолугушуу жакшы өткөнүн белгиледи.
Журналисттердин "Зеленский Крымдан баш тартууга даяр деп ойлойсузбу?" деген суроосуна Трамп: "Ооба, ошондой деп ойлойм," — деп жооп берди.
Орусия Крымды 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап алган.
Трамп менен Зеленскийдин 26-апрелде Ватиканда өткөн жолугушуусу 15 мүнөттөй созулган. Бул алардын февралда Ак үйдө кайым айтыша кеткенден кийинки алгачкы жолугушуусу болуп калды.
"Ал эми кырдаалды жакшыраак түшүнүп калды окшойт, жана менимче, келишим түзүүгө аракет кылууда",-деди Трамп украин президенти тууралуу айтып жатып.
Зеленский бул сүйлөшүүнү "символикалык" деп атап, "эгерде биз биргелешкен жыйынтыктарга жетишсек, бул тарыхый жолугушууга айланышы мүмкүн" деди.
Трамп президенттик кызматка киришкенден бери жүз күнгө жакын убакыт өтсө да, 38 айдан бери уланган согушту токтотуу аракетинен майнап чыга элек.
Ал өткөн айда дароо жана толук атышууну токтотууга чакырган эле.
Зеленский Трамптын бул сунушун кабыл алганын билдиргени менен, Путин азырынча так макул боло элек.
Саясий талдоочулардын пикиринде, Путин сүйлөшүүлөрдү атайылап создуктуруп жатат. Анткени азыр согуш талаасында орус күчтөрү артыкчылыкка ээ болуп турат. Эгерде согуш азыр токтотулса, анда Путин Украинанын чыгышындагы 2022-жылы аннексияланган төрт облусту толугу менен басып алууга жетише албай калат.
Ошол эле учурда адистер белгилешкендей, Украинанын аймагын Орусияга берүү Зеленский үчүн саясий жана конституциялык жактан мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиде аскерлери Орусиянын Курск жана Белгород облустарынын айрым райондорунда жигердүү коргонуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Украинанын Аскердик күч түзүмдөрүнүн башкы жетекчиси Александр Сырскийдин докладынын жыйынтыгына таянып социалдык медиага жазды.
Зеленский фронттогу кырдаал "көп багытта татаал бойдон калып жатканын", дүйнөлүк коомчулуктун согушту токтотуу үчүн Орусияга карата басымы жетишсиз экенин белгиледи.
Ага чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов президент Владимир Путинге Курск облусундагы Горналь калктуу конушун орусиялык аскерлер бошотконун кабарлаган. Анын айтымында, бул украин аскерлери кармап турган акыркы калктуу конуш болгон. Герасимов өткөн жылдын август айынан бери украиналык аскерлер каратып алган Курск облусу толук бошотулганын билдирген. Путин анын кабарына "киев режиминин авантюрасынын кыйрашы" деп баа берип, украин армиясы "ири жоготууга" учурап жатканын айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Курск облусундагы айрым райондордо коргонуу операциялары уланып жатканын билдирди.
Орусиялык аскердик блогерлердин жана фронттогу кырдаалга көз салган Телеграм-каналдардын маалыматында Курск облусунун чек арага жакын райондорунда украин аскерлери мурдагыдай эле кармалып турат. Муну менен катар блогерлер калктуу конуштарды Орусия кайтарып алганын жазышты. Муну чек арадагы Горналга орнотулган орусиялык желек тартылган видеодон көрүүгө болот.
Украиналык DeepState долбоору Герасимовдун Курск облусун толук кайтарып алганы тууралуу айтканы чындыкка дал келбесин, кармаш уланып жатканын билдирди. Долбоордун картасында чек аралаш аймактардын айрымдары Украинанын көзөмөлү астында турганын көрүүгө болот. Анткен менен долбоор кырдаал украиналык аскерлер үчүн жакшы жагына өзгөрбөгөнүн моюнга алат.
Согушту изилдеген америкалык институт (ISW) эки тараптын тең айткандарынан цитата келтирип, Орусия облустун бардык аймагын өзүнө кайтарып алдыбы деген суроого жооп издеген. Мунун өзүндө ISW чек аралаш аймактардын айрымдарында туруктуу көзөмөл жоктугун белгилеген.
ISW муну менен катар украин аскерлери Белгород облусундагы айрым турумдарын 18-мартта чабуул башталгандан бери колдон чыгарбай кармап турганына ишендирет. Герасимов өз докладында Белгороддогу кырдаал тууралуу айткан жок. DeepState долбоорунун картасында Белгород облусунун чек арадагы айрым аймактары күрөң түскө боёлуп, туруктуу көзөмөл жок аймак катары берилген. Ушундай эле статус украиналык Сумы облусуна да берилген. ISWнын маалыматында орусиялык күчтөр акыркы убакта бул облустун төрт калктуу конушун көзөмөлдөп турат. Бул баш-аягы 50 чакырым чарчы аймак. Герасимов болсо чоң цифраларды айтып, ал жакта коопсуздук зонасы түзүлгөнүн билдирген.
Украин аскерлери Курск облусундагы аскердик операциясын өткөн жылдын 6-августунда баштаган. Алар басымдуу аймакты, Суджа райборборун кошо өзүнө каратып алган. Көзөмөлдү кайтарып алуу үчүн орусиялык аскерлерге жарым жылдан ашуун убакыт керек болду.
Жекшембиге караган түнү Украинага 149 орусиялык дрон чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү кабарлады. Алардын 57си атып түшүрүлгөн жана 67и көздөгөн жерине түшкөн эмес. Аткылоодон Житомир, Днепропетровск, Одесса, Донецк, Сумы жана Черкассы облустары зыян тарткан.
Днепропетровск облусундагы Павлоград шаарында бир киши каза болуп, дагы 14 жаштагы кыз жараат алды. Эки көп кабаттуу үй жабыркап, биринен өрт чыккан. Павлоград районуна атылган дрон айыл чарба ишканасына тийген. “Жалпы 500 баш мал кырылды”, - деп билдирди Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы.
Житомир облусунда кеминде 15 турак үй, өндүрүштүк имарат жана төрт автоунаа зыян тарткан. "Орусиялыктар дагы бир жолу куткаруу иштеринин жүрүшүндө кайрадан сокку урушту. Бул жолу мындай соккудан Улуттук полициянын эки кызматкери жабыркады, аларга жардам көрсөтүлүүдө", - деди облустук администрациянын башчысы Виталий Бунечко.
Одесса районунда дрон чабуулунан бир киши жараат алып, аны ооруканага жаткырышканын облустук прокуратура билдирди. Үч кабаттуу үй жана бир нече автоунаа зыян тартты.
Харьков облусунун Купянск шаарында куткаруучулар набыт болгон кишинин сөөгүн уранды астынан алып чыгышты. Орус күчтөрү 26-апрелдин кечинде урган соккудан турак үй урап, дагы жети үй зыян тартканын Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдады.