Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кыргызстан “Танк биатлонунун” 2-дивизионунда биринчи орунду ээледи


Кыргызстан сынакка Т-72 танкы менен катышты. Cүрөт "Телеканал Звезда" YouTube каналынын түз эфиринен алынды.
Кыргызстан сынакка Т-72 танкы менен катышты. Cүрөт "Телеканал Звезда" YouTube каналынын түз эфиринен алынды.

Кыргызстан Орусияда өткөн “Танк биатлону” мелдешинин 2-дивизионунун финалында биринчи орунду ээледи. Таймаш бүгүн Москва облусундагы “Алабино” полигонунда өттү.

Кыргызстандык аскерлер төрт өлкө күч сынашкан мелдеште Т-72 танкы менен катышты. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчүнү Мьянма жана төртүнчү орунду Түштүк Осетия ээледи.

“Танк биатлону” эл аралык мелдеши 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлөт.

1-дивизиондун финалы 4-сентябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG