Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Чүйдө уурдалды деп изделип жаткан кыз байланышка чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районунда уурдалды деп эки күндөн бери изделип жаткан кыз ата-энесинен кечирим сурады. “Кактус медиа” сайты жарыялаган тасмада ал ала качууга кабылбаганын, сүйгөн жигитине өз каалоосу менен барганын айтып берген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 26-жаштагы кызды 5-майда түнкү саат 11лерде Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер "Тойота-Эстима" автоунаасына салып кеткенин кабарлаган.

Милицияга 6-майга караган түнү кыздын сиңдиси арыз жазганы маалым болгон.

Күч кызматкерлери кызды уурдады деп айтылып жаткан эркектин тек-жайын тактаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG