Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Кара-Кулжада жолбун иттер койлорду кырып кетти


Тоготой айылындагы кырылган койлор. Кара-Кулжа, Ош, Кыргызстан.
Тоготой айылындагы кырылган койлор. Кара-Кулжа, Ош, Кыргызстан.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында жолбун иттер 20га жакын койду тиштеп өлтүрүп, 20-30дай койду чалажан кылып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын тургундары кабарлады.

Жолбун иттер бир нече тургунга тиш салган учурлар да катталды.

Маалыматты Тоготой айылы баш ийген Кашка-Жол айыл округунун жетекчиси Шайырбек Рахманберди уулу жарым-жартылай ырастап, кырылган койлордун саны айтылгандан азыраак экенин билдирди. Ал мунун алдын алуу үчүн бир нече күндөн бери округда 40тай жолбун ит атылганын, эми калгандарын да жок кылуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Былтыр күз айларында Баткенде жолбун иттер көбөйүп кеткени боюнча маалыматтар чыккан. Анда ал тургай сегиз жаштагы баланы талаадан үч ит талап, оор абалда ооруканага түшкөн. Андан мурдараак Ош шаарында 19 жаштагы студентти жолбун ит тиштеп, жабырлануучу кутурмадан улам каза тапкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG