Бүгүн, 26-октябрда Украинада улуттук парламент Жогорку Радага кезексиз шайлоо башталды. Шайлоога 29 партия ат салышууда, ага 600дөй эл аралык байкоочулар көз салып жатат. Добуш берүү Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдердин ээлигиндеги 14 райондо болбойт.
Улуттук парламент - Жогорку Радага шайлоо өлкө чыгышында украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш жүрүп жатканына карабай өткөрүлүүдө.
Шайлоо учурунда Донецк, Луганск облустарында милиция жана Украин аскерлери коопсуздукка көзөмөл кылышмакчы.
Шайлоо алдында президент Петро Порошенко бирдиктүү Украинага добуш берүүгө үндөгөн.
Украинада парламенттик шайлоо

1
Украинада шайлоо бекеттери 26-октябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8де ачылды. Добуш берүү жергиликтүү убакыт менен кечки саат 8ге чейин уланат.
Сүрөттө: Киевдеги шайлоо бекетине добуш бергени келген шайлоочулар. 26-октябрь, 2014-жыл.

2
Добуш берүү Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдердин ээлигиндеги 14 райондо болбойт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого алты миңден ашык талапкер катталган. Шайлоога 29 партия ат салышууда, ага 600дөй эл аралык байкоочулар көз салып жатат.
Сүрөттө: Киевдеги шайлоо бекетине добуш бергени келген шайлоочулар. 26-октябрь, 2014-жыл.