Алар мекенине жеткирилгенге чейин эл аралык уюмдардын колдоосунда түзүлгөн лагерлерде күн кечиришкен. Кайткандардын коомго аралашуу жараянында кандай кыйынчылыктар бар жана бул маселе кантип чечилүүдө? Кыргызстан менен Өзбекстандын тажрыйбасын талдайбыз.
"Адашканымды ошол жакта түшүнгөм"
"Ал жакта жашоо жок эле. Коркунуч, кайгы жана ачарчылыкты көрдүм" - деп эскерет кыргызстандык 39 жаштагы Гүлипа (аты өзгөртүлдү).
Ал уулун алып, 2023-жылы Кыргызстандын өкмөтү уюштурган авиакаттам аркылуу мекенине келген.
Гүлипа согушкерлердин идеясына сугарылган күйөөсүн ээрчип, Сириядагы коогалуу аймакка кетип калганын айтат.
“Эгер өкмөт мени мекениме алып келбесе ал жактагы тагдырым эмне болор эле, билбейм. Сириядагы күндөрүмдү эстегенди каалабайм. Кыргызстанга келгенден кийин деле көп ишенбей жүрдүм. Көзүмдү жумсам эле ошол жактагы күндөрүм элестеп, ошол жактагы үндөр кулагыма жаңырып тургандай сезиле берчү”- деди ал "Азаттыктын" кабарчысына.
Расмий маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын өкмөтү Сирия жана Ирактан 551 жаранын алып келген. Бул багыттагы “Мээрим” жана “Айкөл” деп аталган атайын миссиялар алты жолу ишке ашырылды.
Өткөн он жылдыкта Борбор Азия өлкөлөрүнүн бир нече миң жараны Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактарга, адегенде Сирияга, андан кийин Иракка барып, өзүн "Ислам мамлекети" деп жарыялап алган террордук топтун катарына кошулуп кеткен.
Айрымдары үгүтчүлөрдүн азгырыгына алданып, "каапырларга" каршы күрөшүү идеясы менен барса, кээ бирлери "чыныгы ислам" мыйзамдары менен жашаган коом курулат деген убадаларга ишенип аттанышкан. Дагы башкалары досторуна, туугандарына ишенип эле, аларды ээрчип кеткенин айтышкан. Көптөгөн эркектер жубайларын жана балдарын ала кеткен. Кийин көпчүлүгү өз өкмөттөрүнөн жардам сурап кайрылышкан.
Эл аралык күчтөр "Ислам мамлекети" тобу түптөгөн түзүмдү жок кылып, уюмдун лидери Абу Бакр ал-Багдадини жана топтун согушкерлерин өлтүргөн. Ошондон кийин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өз жарандарын - негизинен аялдар менен балдарды мекенине кайтара баштаган.
Гүлипанын айтымында, күйөөсүнүн сунушу менен Сирияга кетип жатканда ал жакта аны кандай тагдыр күтөрүн билген эмес. Уулун бөтөн жерде төрөп, оор шартта чоңойткон. Тамак-аш тартыш, дары-дармек жок, ар бир күн тирүү калуу үчүн күрөш болгон.
“Мен, чынында, каерде жашаганымды билбейм. Ал жер Ирак беле, Сирия беле, эч кандай маалыматым жок. Күйөөм “жакшы акча табабыз, Кыргызстанга кайра барып, үй-жайыбызды оңдойбуз” деп айтчу. Адашканымды ошол жактарда башка түшкөн оор учурларда түшүндүм. Бирок, бактыма, кайдыгер эмес кишилер табылды, алардын жардамы менен “Ал Хол” деген качкындар лагерине бардым. Лагерь коопсуз деп эсептелсе да шарты начар эле. Ошол жакта төрт жылга жакын өмүр кечирдим. Күйөөмдүн дайыны чыкпай калды, азыр деле ал тирүүбү же өлгөнбү, билбейм. Лагердеги эң кыйын кездер - баламдын ысытмасы көтөрүлгөн күндөр болду. Дары жок, дарыгер жок. Болгону, Кудайдан тиленип, дуба окуп жүрдүм”, – дейт Гүлипа.
Ал Кыргызстанга келгенден кийин уулу менен Ысык-Көл жээгиндеги реабилитация борборунда үч ай болушту. Борбордо психологиялык жардам, медициналык кароо жана балдар үчүн атайын программалар уюштурулган.
"Башында туугандарым жакшы кабыл албады"
Өзбекстандык Хатира (аты өзгөртүлдү) өкмөттүн колдоосу менен үйүнө кайтып келген ондогон келиндин бири.
“Азыр үйүмдө отурам. Балдарым: “Апа, эгер дагы деле лагерде болсок, азыр кайсы жыл экенин билбей жүрмөкпүз дешет” – дейт ал.
Хатиранын Сирияга кетиши анын өз тандоосу болгон эмес. Айтымында, 22 жыл мурун күйөөсү каза болгондон кийин апасы балдары менен бирге Өзбекстандан чыгып, шарият мыйзамдары боюнча жашоону каалап, ушундай чечим кабыл алган. Апасынын бул чечими кийин Хатира жана анын бир туугандары үчүн чоң азапка айланган. Сирияда Хатира турмушка чыгып, балалуу болгон, алардын бири ошол жакта каза тапкан.
Өзбекстандын өкмөтү “Мехр” аттуу беш миссиянын алкагында 2019-жылдан бери 531 жаранын мекенине кайтарды.
Өзбек өкмөтү Жакынкы Чыгыштан алып келген аялдар менен балдарды а дегенде Ташкент облусундагы санаторийлерге жайгаштырып, психологдордун коштоосундагы үч айлык реабилитациядан өткөргөндөн кийин үйлөрүнө жөнөткөн.
“Туугандарым башында жакшы кабыл алышкан жок. Айрымдары унчукпай эле кучактап коюшту, айрымдары ыйлашты. Балам жаш болгону үчүнбү, ага көп байкалбады, балдарга аралашып ойноп кетти. Бирок убакыт өткөн сайын бир нерсени түшүндүм, өткөн күндөрдү эстебеш керек. Адашып, туура эмес жолго түшкөнүмдү билем. Ага өкүнөм” – дейт Хатира.
"Мамлекет жоопкерчиликти алышы керек"
Сириядан жарандарды алып келүү маселесинде коомдун пикири бир кылка болгон эмес. Айрымдар чочулап, аларды бул жакта да диний радикализмди жайылтат деп сындашкан.
Өзбек өкмөтү бул адамдар жардамга муктаж экенин, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын билдирген. Өзбек бийлиги кайтып келгендерге кам көрүп, турак жай менен камсыздап, алар жумушка орноштуруларын маалымдаган.
Кыргыз бийлиги “Жабыркагандарга гуманитардык жардам” форматындагы миссиялардын алкагында мекенине кайтып келгендерге психологиялык жана медициналык көмөк көрсөтүп, документтери калыбына келтирилди. Реабилитация жана реинтеграция иштери менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин адистери алектенди.
Эки мамлекетте тең уюштуруу иштерине бейөкмөт жана ЮНИСЕФ, Кызыл Ай сыяктуу эл аралык уюмдар көмөктөштү.
“Коомчулуктун арасында гана эмес, мамлекеттик орган кызматкерлеринин арасында да алардан кооптонуп, “булар кайра экстремисттик идеяларын башташы мүмкүн” деп чочулагандар болду. Азырынча алып келбей коюуну сунуштагандар болгон. Биз ага караган жокпуз. Мамлекетпиз! Мамлекет болгондон кийин жоопкерчиликти алышыбыз керек. Алардын тагдырын чечип беришибиз керек. Бизден башка эч ким чечип бербейт”, - деген Кыргызстандын президентинин кеңешчиси, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов.
Кыргызстан бул миссияларды аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир аз кечирээк баштагандыктан кошуна мамлекеттердин тажрыйбасына да таянган.
“Мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тажрыйба алсын деп Казакстанга да, Өзбекстанга да жөнөттүк. Кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүндүгү тууралуу тажрыйба алмашып келишти. Бизге саясий эрк керек болчу. Алып келебизби же алып келбейбизби деген суроо жаралган. Кээ бир мамлекеттик органдар “алып келсек өзүбүзгө проблема түзүп алабыз, Кыргызстан буга даяр эмес, алардын арасында аялдар болсо да, энелер болсо да экстремисттик идеяларга сугарылгандары көп. Кийин алар коркунуч жаратышы мүмкүн” дешти. Бирок президент чечкиндүү түрдү саясий эрк көрсөтүп, “алып келебиз” деди жана мага тапшырма берип, “Коопсуздук кеңешинин катчысы катары муну уюштуруңуз, көзөмөл кылыңыз” деп, баарына сиз жоопкерчиликтүү болосуз” дегендей мага тапшырды” – дейт Иманкулов.
Өзбекстанда да, Кыргызстанда да мамлекеттик органдар журналисттерге Сириядан келгендер менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгүн чектеген. Өкмөттөр коопсуздук жана этикалык талаптарды эске алуу менен журналисттерге бул адамдардын жүзүн көрсөтпөөнү жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоону сунуштайт. Бул чара алардын коомго кайра көнүүсүндө маанилүү фактор катары негизделет.
Бишкектик талдоочулардын бири, билим берүү маселелеринде эксперт Кеңешбек Сайназаров Борбор Азия мамлекеттериндеги репатриация иштерин бир нече жылдан бери байкап, талдап жүрөт.
“Аялдар менен балдардын маселеси жөнүндө сөз болуп жатат. Алып келерден мурун текшерип, күнөөлөрү жоктугун тастыктап, анан алып келип, документтерин даярдап, коомго аралаштырды. Алгач реабилитациялык борборлордо турушту. Андан соң өз коомчулугуна барып, реинтеграция боюнча жүрдү. Үч жылдан ашып калды. Андан бери булар тараптан кылмыш жасалганы же башкаларды радикал топторго тартууга аракет болгону тууралуу кабарын укпадык. Реинтеграция жакшы жолго коюлду деп ойлойм” – дейт Сайназаров.
"Реинтеграция азырынча бүтө элек"
Өзбекстанда репатриация боюнча психолог Санжар Йулдашев Uzdiplomat каналына курган маегинде коогалуу аймактардан кайтып келген адамдардын коомго адаптация болуу жараяны жылдарга созулушу мүмкүндүгүн белгилеген.
“Балага өзүнчө мамиле, аялга өзүнчө мамиле талап кылынат. Мисалы, аялдар менен иштөө көбүнчө татаал болот. Жөн гана жардам сунуштасаңыз, алар сүйлөшүүдөн баш тартышы, эшигин жаап алышы, үйүнө киргизбей коюшу же суроолоруңузга жооп бербей коюшу мүмкүн. Айрымдарын көзүн көрөсүз, бирок эмоциясын билдирбейт. Бала менен иштөө салыштырмалуу жеңилирээк көрүнгөнү менен реабилитация процесси аларда узагыраак убакытты талап кылат. Анткени туура идеялар жана баалуулуктар калыптана электе терс баалуулуктар сиңип калган болот. Чоңдор болсо өздөрү фильтр кыла алышат. Чоңдор мыйзам алдында жооп берсе да, өз иши үчүн жооп берет. Ал эми балдарды жоопко тартуу адилетсиздик болуп калат. Балдарды акырындык менен даярдап, мээсиндеги туура эмес баалуулуктарды акырын чыгарып таштоо зарыл. Ою оңолушу керек. Ошого жараша алардын эмоциясы жана жүрүм-туруму менен иштөө талап кылынат. Мен буларды психологиялык көз караштан айтып жатам. Айрым адистер ойлойт: “барабыз, руханий же агартуу иш-чарасын өткөрөбүз, баары жакшы болуп калды, балдар оңолду, жүзүнө карагыла, кандай бактылуу” дешет. Бирок психологиялык көз караштан алганда – абсурд”.
Мекенге кайтып келгендер менен сүйлөшсөңүз, дээрлик баары “Биз согушкер эмес элек” дешет. Сирияда калып кеткен же каза болгон жолдошторун же жакындарын да алданган адамдар катары сүрөттөшөт.
Маалыматтарга караганда, мекенине кайтарылган өзбекстандык жана кыргызстандык аялдардын көбү азырынча жумушсуз. Алар негизинен үйдө турушат, айрымдары тигүүчүлүк же айыл чарба иштери менен алектенүүдө. Балдары мектепке барат, айрымдары бойго жеткен жана турмушка чыккан кыздар да бар.
“Жөн эле келип, дароо коомго аралашып кетүү мүмкүн эмес. Эч кимди алдагандан пайда жок. Туура, азырынча кайра баалоо жүргүзүлө элек. Толук масштабдуу муктаждыктарды жана тобокелчиликтерди изилдөө эми гана пландалууда. Айрым жерлерде адамдар толук реабилитациядан өтүүдө кыйналышат. Айрыкча балдар. Кээ бир жерде реинтеграция али аяктай элек. Эксперт катары айтам: алардын коомго толук кошулушу үчүн реинтеграция азырынча бүтө элек” - дейт психолог Йулдашев.
Коомчулукта, айрыкча Сирия жана Ирактагы радикал топторго кошулуп кеткендердин жакындарында дагы бир суроо бар: согушкер топторго кошулганы айтылган эркектер же ата-энеси ээрчитип кетип, дал кооптуу жерлерде чоңойгон жигиттер мекенине кайтарылабы?
Азырынча эки мамлекетте тең бул маселеге байланыштуу так пландар жана расмий билдирүүлөр ачык жарыяланган эмес.
Акыркы жети жыл ичинде дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Сирия жана Ирактан кеминде 12 миң адамды өз мекенине кайтарган. Бул маалыматтар Rights & Security International жана Human Rights Watch уюмдарынын отчетторунда жазылган.