Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Орусия: Мектептеги кол салуудан тажик мигранттын баласы каза тапканы кабарланды


Трагедия болгон мектеп. Одинцово району, 16-декабрь 2025-жыл
Трагедия болгон мектеп. Одинцово району, 16-декабрь 2025-жыл

Москва облусундагы Одинцово районунда мектепте бычак жеп каза тапкан окуучу тажикстандык мигранттардын баласы экенин “Озоди” радиосу булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, маркум Кобилжондун энеси ошол окуу жайда пол жуучу. Үч жыл мурун күйөөсү өлгөндөн кийин эки баласын жалгыз чоңойтуп келаткан.

Орусиянын Тергөө комитети окуя 16-декабрда болгонун, Горки-2 айылындагы мектептин кайтаруучусу жана 10 жаштагы бир окуучу жаракат алып, кийин бала көз жумганын маалымдаган.

Облустук Ички иштер башкармалыгы кол салган өспүрүм кармалганын билдирди. Ал чөнтөккө салган газ баллонун колдонгону айтылды. Тергөөчүлөр психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындап, окуучунун акыл-эсин, чөйрөсүн, тааныштарын, социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүүдө.

РБК тартип коргоо органдарындагы булактарга таянып, кол салган өспүрүм 9-класста окуганын жазды.

Интернетте ал өз кылгандарын видеого тартканы тууралуу маалымат тарады. Анда балдарды ээрчитип бараткан мугалимден алардын улутун сураганын көрүүгө болот.

Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, кол салган Тимофей аттуу 15 жаштагы өспүрүм буга чейин классташтарына жазган катында коомду жек көрөрүн айтып, улут аралык жана дин аралык кастык темаларына кайрылган.

Окуяга эмне түрткү бергени расмий айтыла элек. Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен кылмыш иш козголду.


Шерине

XS
SM
MD
LG