"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский «согуш аяктарына жакын калганын» айтты. Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду.
Медиада, интернетте жалган маалымат тараткандарга ири айып пул салган мыйзам долбоору парламенттин комитетинде ушул аптада биринчи окууда өттү. Укук коргоочулар жана юристтер мыйзам мамлекеттик органга курал болуп калат деп кооптонуп жатышат.
Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы отчётунда 20 миң батирлүү 400дөн ашуун үй салып жатканын билдирип, бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу курулуш өнөктүгү экенин жар салды. Мунун ичинен 100дөн ашык турак жайы же 6 миңден ашык батири быйыл пайдаланууга берилет экен.
“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны, же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кардарлардын арызынын негизинде бир нече ири микрокредиттик компаниялардын ишин текшерип жатканын ырастады. Мунун алдында бир нече финансылык мекемелер тинтүүгө алынып, кеңселерине мөөр басылганы кабарланган.
“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир комитетинен биринчи окуудан өттү.
Президенттик администрация Орусияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн кыргыз мигранттарды мекенинде иштөөгө чакырды. Кайрылууда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканы, Кыргызстандагы эмгек акылар Орусиядан кем төлөнбөй турганы айтылат.
Бишкек “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен компанияга келерки үч жылда бюджеттен 11 млрд сомдой акча бөлөрү маалым болду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталганы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттердин ачылышын шарттады. Бул жарандардын каттоосун жеңилдетип, соода алаканы жакшыртты. Алып-сатуу кескин өсүп, эки тарап бири-бирине өз ишканаларын ача баштады.
Президенттин администрациясы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкө аймагындагы чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун жана мүлкүн коргоо боюнча нормаларды иштеп чыкты.
Тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды. Газада Израилдин аскерлери абадан сокку урганда Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду. Сокулук районунда мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду.
Зеленский Курскидеги операцияда Орусия алты миңдей аскерин жоготконун билдирди. Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн орус жергесине алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды.
Сот Temirov LIVE каналынын төрт журналистин камакта калтырды. Орус армиясы "Кинжал" ракеталары менен Львов шаарына сокку уруп, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 объектинин ачылышы болду. Анын теңинен көбү социалдык жайлар жана теңине жакыны өндүрүш ишканалары.
Кыргызстан эгемендигинин 33 жылдыгын белгилеп жатат. Бул жылдары өлкө өнүгүүнүн жолун издеп, социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жана саясий туруксуздукту башынан кечирди. Алдыга жылуу да, артка чегинүү да болду.
Кыргызстанда эгемендик күнүн утурлай 100 объекттин ачылышы болду. Анын теңине жакыны өндүрүш ишканалары жана калганы социалдык жайлар. Президент Садыр Жапаров Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводуна жана Ысык-Ата районунда цемент заводдуна старт берди.
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир Жогорку сотко апелляциялык арыз берди. Мирланбек Маратбек уулунун үйүнөн алынган материалдар боюнча экспертиза дайындалды. Украин армиясы Орусиянын Курск облусундагы Суджа шаарын толук өз көзөмөлүнө алганын президент Зеленский билдирди.
Сот мурдагы аким Тилек Матраимовду коррупциялык иши боюнча 300 миң сом айып пул салып, эркиндикте калтырды. Милиция Мирланбек Маратбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүздү. Орус бийлиги Курск облусунун Глушково районун толугу менен эвакуациялоону чечти.
Дагы жүктөңүз