"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Орусиянын Украина менен чектеш дагы бир - Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады.
Журналист Адыл Акжол уулуна Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жасаган материалына байланыштуу иш козголгону белгилүү болду. Расмий Киев украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна киргенин ырастады. Париж Олимпиадасына катышкан 16 спортчу Бишкекке келди.
Ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаров "уюшкан кылмыштуу топту каржылаган" деген шек менен кармалды. Орусиянын бийлиги Украина менен чектеш аймактардан элди эвакуациялоону тапшырды. Блогер Адыл Акжол уулу эки айга камалды. Парижде 33-жайкы Олимпиада аяктады.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз арызы менен мандатын тапшырды. Украина орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн кыргызстандыкты Орусияга өткөрүп берди. АКШ президенттигине кайрадан аттанган Дональд Трамп Украинадагы жана Газадагы согушка чекит коюуга убада берди.
Израилдин аба соккуларынан Газада соңку суткада дагы 60тан ашуун киши каза болгону кабарланды. Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Президент Садыр Жапаровдун иниси жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шектелип кармалды.
Кара-Суу районунда сел каптаган үйлөрдүн ээлери кырсыкка айыл жакасындагы канал тазаланбай калганы себеп болгонун айтып чыгышты. Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер чыкты. Прокуратура Асел Ногойбаевага телефон аркылуу келип жаткан коркутууларды текшере баштады.
Ошто сел агызган беш кишинин төртөөнүн сөөгү табылды. АКШнын президенти Жо Байден жана экс-президенти Доналд Трамп соңку окуядан кийин америкалыктарды биригүүгө чакырышты. Чүй облустук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Орусиянын бийлиги мигранттарды депортация кылуунун жаңы чараларын иштеп чыкты. Прокуратура сотко кайрылып, "Кемпир-Абад иши" боюнча акталган саясатчы-активисттерге жаза берүүнү суранды. Жо Байден НАТОну күчтүү блок бойдон сактап каларын билдирип, президенттик жарыштан чыкпай турганын кайталады.
Милиция 25 жаштагы келиндин өлүмүн иликтей баштады. Баткенде бир нече айылды сел каптап, эки жүзгө чукул киши коопсуз жайга убактылуу көчтү. Израил террорчуларга каршы операциясын Газа секторунун бир нече районунда улантып жатканын билдирди.
Кыргызстанда баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ондон ашык мүчөсү кармалды. Шаардык сот экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карап, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Орусияда мигранттарды депортациялоо мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда.
Орусиянын ракеталык соккуларынан Украинада кеминде 30га чукул киши набыт болду. Тергөө абагында жаткан журналисттердин кийимдери алынганы тууралуу маалымат чыккан соң кызматтык териштирүү башталды. Ысык-Көлдө жайлоодо чагылган түшүп, 250 баш кой кырылып калды.
Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин эмгек мигранттарын өлкөдөн кетирүү үчүн Москва аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.
АКШнын жана Орусиянын коргоо министрлери телефондон Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулады. Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жараяны башталды. Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоева үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында сел жүрдү. Кадамжайда беш жашар бала сууга агып, чарчап калды. Акын жана активист Аскат Жетигенге прокурор сегиз жыл жаза сурады. Израил менен Ливандагы “Хезболла” куралдуу тобунун ортосунда чыңалуу күчөдү.
Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Ош облусунун Араван райсоту Украинадагы согушка катышкан деп шектелген адамды беш жылга кести. Президент Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардай жер бөлүнүп берилгенин, ага Апрель окуясынан жабыркагандар үчүн фабрика курула турганын билдирди.
Кемпир-Абад ишин караган судья 27 айыпталуучунун 22син актады. Киев Вашингтон жана Токио менен коопсуздук макулдашуусуна кол койду. Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соту уланды.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Андан кийин сот өкүм угузат. Ереванда оппозиция менен полиция кагылышып, жүздөй киши жабыркады. Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берди.
Бишкекте соодагерлердин нааразылык акциясы уланды. Соңку суткада орус армиясы Украинанын бир нече облусуна, анын ичинде Киевге канаттуу ракета жана дрондор менен сокку урду. Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.
Прокурор Кемпир-Абад иши боюнча айыптууларды 20 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады. Июнь окуясына 14 жыл болду. Кыргызстандын жараны Алина Горшенина Орусиянын өтүнүчү менен Казакстанда камалды.
Бээжинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча макулдашууга кол коюшту. Газада 30га жакын киши набыт болду. Ошто Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана экс-спикер Акматбек Келдибековго тиешелүү үйдүн жерин кайтаруу иштери башталды.
Дагы жүктөңүз