2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Жаңы жыл майрамы бир катар шаан-шөкөт, оюн-зооктор менен коштолду. Ошол эле кезде жагымсыз окуялар жана кырсыктар да болбой койгон жок.
Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курамасы Шериктештик кубогу үчүн мелдешке даярданууда.
Өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча “Хан Манас” кубогу үчүн эл аралык мелдеш 24-декабрда Бишкекте жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Иран, Орусия жана Ооганстандан 17 жаштан 19 жашка чейинки курактагы 200дөн ашуун улан-кыздар катышып, 15 топтом медал үчүн күч сынашты.
23-декабрда Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлду. Эми ал келишим Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. "Азаттык" борбор калаанын тургундарына "Бажы биримдигинен эмнени күтөсүз?" деген суроо менен микрофон узатты.
Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды. Мелдештер 20-21-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага өлкө аймагынан келген 200дөн ашуун балбан катышып, 8 салмак ченинде күч сынашты.
Бишкекте эмгек сиңирген машыктыруучу Кубат Карабековдун элесине арналган баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Ага Кыргызстан жана Өзбекстандан төрт команда катышууда. Оюндар 21-декабрь күнү белгилене турган бүткүл дүйнөлүк баскетбол күнүндө жыйынтыкталат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги президенттен сыйлык ала турган спортчулардын тизмесин так түзбөй, анын айынан жаңжал чыкты.
Бишкекте мигранттар күнү белгиленди
"Хоккей жомогу"
Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш өтүүдө.
Кыргызстандын таяк тартышуу боюнча спортчулары алгачкы дүйнө чемпиондугуна катышып, эки күмүш, эки коло байге тагынып, 35 мамлекеттин арасынан жалпы командалык эсепте экинчи катардан орунду алып келишти.
2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган паралимпиада оюндарына пауэрлифтинг спортунан Жыргалбек Орозбаев менен Эсен Калиев жолдомо алды.
14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында болгон зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объектилер жабыркаган. Анын ичинен 400дөн ашуун турак жай жарактан чыккандыктан мамлекеттин каржылык жардамына муктаж болууда.
6-декабрда Жоомарт Оторбаев адистер менен бирге зилзаладан жабыр тарткан Тоң жана Жети-Өгүз райондорун кыдырып, жарактан чыккан үйлөрдү оңдоого акчалай жардам берилерин айтты.
Kyrgyzstan-Bishkek, Kulatuu WEF1, 4Dec14
Кыргызстандын самбо чеберлери Жапонияда өткөн дүйнө чемпиондугунда үч коло байге тагынышты. Дүйнө биринчилиги күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.
Таиландда өткөн кум үстүндөгү Азия оюндарынан кыргызстандык спортчулар байгелүү кайтышты. Кыргыз спортчулары бул оюндардын тарыхында алгачкы жолу үч күмүш, үч коло медалды тагынышкан.
Кыргыз спортчулары олимпиадалык оюндар жана башка эл аралык мелдештер үчүн үчүн тигилген кийимдерди сапатсыз деп, аны кийүүдөн баш тартышууда.
Дагы жүктөңүз