2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу алгачкы ирет өтүүдө. Ага өлкө аймактарынан жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен куралган командалар катышып жатат. Бул элде "Лейлек күрөшү" деген ат менен да белгилүү.
22-ноябрдын кечинде Бишкектеги Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер Бактияр Көчөрбаевге ок тийип, каза болду.
Кыргыз футболу 2015-жылдан баштап жаңы тепкичке көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. Кыргызстандын жогорку лигасында ойногон футболдук клубдарды Азия футбол конфедерациясы лицензиялоодон өткөрүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков кызматынан алынды.
17-ноябрда Бишкекте СССР эл артисти, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш башталды.
Кыргызстанда гандбол же кол тобу оюну боюнча федерация түзүлдү. Советтер Союзунун учурунда Кыргызстанда популярдуу спорттун түрүнө кирген бул оюн 1998-жылдан кийин өлкөбүздө республикалык мелдештердин тизмесине кирбей калган.
Кыргызстандын олимпиадалык резервдеги спорт окуу жайынын окуучулары он жылдан кийин кайрадан сууда машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы бул окуу жай 13-ноябрда спорт бассейнин кайрадан ишке киргизди.
Акча эсепти жана үнөмдөөнү сүйөт деп айтылат. Кыргызстандыктар акчаны кайсы максатта чогултат? "Азаттык" борбор калаанын тургундарына микрофон узатты.
Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында республикалык спартакиада өтүүдө. Ага 39 мамлекеттик органдан 2 миңге жакын адам катышып, спорттун 12 түрүнөн мелдешип жатышат.
Бишкектеги байгелүү спорттук оюндар
Футбол боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпиондугун Бишкектин «Дордой» клубу жеңди. Жеңүүчү клубга кубокту тапшыруу аземи бүгүн Кант шаарындагы борбордук стадиондо болуп өттү.
Өкмөттүн электр энергиясы жана жаратылыш газы боюнча тарифтик саясатына өлкө тургундары кандай пикирде? "Азаттыктын" кабарчылары Бишкек шаарынын жашоочуларына микрофон сунду.
Советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин музейи Кочкор районунун Теңдик айылындагы китепкананын имаратында ачылды.
Бишкекке жакын Кара-Жыгач айылында “Кленовый лист” аталышында Кыргызстандагы жалгыз гольф клубу бар. Анын аянты 25 гектар жана 9 аянтчадан турат. Негизи стандарт боюнча 18 аянтчадан болушу керек. Биздин шартта оюнчулар 9 аянттан кийин оюнду уланткысы келсе, ушул эле аймактарда кайрадан экинчи раунддан баштап оюндарын баштай алышат. Ар бир аянтчанын уячага чейинки аралыгы 440 метрге чейин же гольф эрежеси менен айтканда 420 ярдга чейин болот.
Бүгүн 31-октябрда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандын аймактарынан 100дөн ашуун мушкер катышып, баш байге үчүн күч сынашты.
Чемпионат алкагындагы мелдештер 28-29-30-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Мелдешке өлкөнүн аймактарынан келген 109 боксчу катышты.
Кыргызстандагы Таэквондо WTF ассоциациясынын кээ бир өкүлдөрү уюмдун президенти Алексей Пак коррупцияга жол берүүдө деп айтып чыгышты.
Окуучулар балдар зомбулугуна каршы турат
Дүйшөмбүдөн тарта Бишкекте жылуулук бериле башташы керек, бирок Жылуулук борбору 108 миң тонна гана көмүр менен камсыз болгон. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 150 миң тоннага аз.
Учурда Бишкек Жылуулук электр борборунда шаарга ысык суу берүү үчүн эки меш казан иштеп жатат. 27-октябрга чейин ага дагы алты казан кошулат.
Дагы жүктөңүз