2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Бишкек мэриясы борбордогу Тынчтык проспектисине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштады. Демилге шаардык кеңеш депутаттарынын колдоосуна ээ болсо, коомдук талкууга чыгарылат.
Бишкектеги Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыргыз боксун негиздегендердин бири Юрий Чижовдун элесине арналган мелдеш өттү. Ага Бишкек жана Кант шаарынан 100гө жакын мушкер катышты.
Бишкекте Ооган согушунун катышуучусу Виталий Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш бүгүн аяктады.
Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайда “Интеллектуал ринг” аталышында акыл таймашынын кезектеги оюну өттү. Ага окуу жайда билим алган 8-класстан 11-класска чейинки окуучулардан түзүлгөн 10 команда катышты.
АКШ сноубордчулары Кыргызстанда
16-февралда Москва олимпиадасынын чемпиону Мелентьев Александр Реммович оорудан улам 61 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Ал тапанчадан ок атуу боюнча 1980-жылдагы Москва олимпиадасында алтын медал тагынган. Командалык мелдештерде 8 жолу дүйнөнүн, 7 жолу Европанын чемпиону болгон.
Бүгүн Бишкек шаарында ооган согушунун курмандыктарын эскерилди. Ал борбор калаадагы “Ата-Түрк” паркындагы ооган согушунун ардагерлеринин урматына орнотулган эстеликтин жанында болду. Митинг-реквием Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган.
Бишкекте жол кайгуул кызматкери мас абалында айдоочуну кубалап баратып, кырсыкка себепкер болгон.
Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Ага 206 балбан катышып, 8 салмак категориясында күч сынашты.
Эл аралык бокс бирикмеси (AIBA) кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиевди "Январь айындагы мыкты боксчу" деп атады.
Жумгал районунун хоккей боюнча 3-ачык чемпионаты аяктады. Чаекте өткөн бул мелдешке Жумгал, Кочкор райондорунан, Нарын, Чолпон-Ата шаарларынан жети команда катышып, баш байгени “Жумгал Шортон” командасы утту.
Бишкекте Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш 1-февралда аяктады. 5 күнгө созулган таймаштарга 9 өлкөдөн 170ке жакын мушкер катышып, 10 салмак ченинде күч сынашты.
"КТРК Cпорт" деп аталган телеканалдын эфирдик торчосу даярдалып, каналды ачууга аракеттер көрүлүүдө. Аталган канал Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн кийин социалдык пакетке киргизилип калса, беш айдын ичинде толук иштеп калат.
17-январда Бишкекте Top.kg спорттук гезитинин тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземи өттү. Кыргызстандагы жалгыз спорттук басылманын эмгек жамааты бул иш-чараны уюштуруу менен спортчуларга колдоо көрсөтүүнү максат кылышкан.
Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрүнө окуткан эки гана мектеп калды. Спорт адистерин даярдаган Дене тарбия жана спорт академиясы да кышкы спорттун түрлөрүнө багытталган адистерди даярдоону 20 жылга жакын убакыттан бери токтоткон.
Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу учурунда муз майдандарда, тоодогу лыжа базаларында эс алгандардын катары калыңдады.
"Наристе-2015" кубогуна арналган кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш Бишкекте өтүүдө. Ага Кыргызстан жана Казакстандан 46 команда катышып, төрт топтом медаль үчүн ат салышууда.
Дагы жүктөңүз