"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
3-июнда Нарын шаарында сел жүрүп, 70ге чукул үйдү каптады. Айрым үйлөр жарактан чыкты. Учурда бул жаратылыш кесепети алып келген чыгымды тактоо үчүн тиешелүү мекемелерден куралган үч комиссия түзүлдү.
Бир катар коомдук ишмерлер Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, алты айдан бери камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
Асанбек Жакыпбаевдин колунан чыккан эмгектер дүйнөнүн кыйырына чейин тараган. Ал кадимки кайберендин мүйүзүнүн жонуп отуруп, ушундай жаныбарлардын сөлөкөтүн чыгарат. Устанын эмгектери көлөмүнө жана жасалгасына жараша 1000 сомдон 5000 сомго чейин бааланат.
Асел Султанованын үйүндө өз колу менен өстүргөн гүлдүн 50дөн ашык түрү бар. Гүлгө кызыккан айым Кытайдан, Ташкенттен, Европа өлкөлөрүнөн өзүнө жагып калган гүлдөрдүн уругун алдырат.
Алар - өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жана анын биринчи орун басары Касен Азизов.
Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Интерпол аркылуу Польшада кармалды. Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан соттолгон.
Вирус жаңы табылгандардын көпчүлүгү Бишкек жана Нарын шаарларында.
Ушул күндөрү социалдык тармактарда «Тажадым» аттуу флеш-моб кызуу талкууга алынууда. Ондогон жаш активисттер өлкөдөгү коррупция, билимсиздик, миграция сыяктуу чечилбей келаткан көйгөйлөрдөн тажаганын айтып, бийликке нааразы маанайларын ачык билдиришүүдө.
20-майга карата Нарын облусунда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 213 адамга жетти. Анын 100дөн ашыгы Нарын шаарында. Ушундан улам Нарында эпидемиологиялык абал оор деп бааланууда. Эгер кырдаал жакшырбаса, жергиликтүү бийлик шаарга өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болушаарын билдиришүүдө.а
Акыркы убакта Нарын облусунда эпидемиологиялык абал оор болуп турат.
Бир катар укук коргоо уюмдары жана адвокаттар абакта жаткандардын ден соолугун жапырт текшерүүнү бийликтен талап кылышты.
Ача-Кайыңды айылынын тургундары айылда кыймыл чектелип жатканына нааразы болушту.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Эсенгул Асымов 1943-44-жылдары №1 украиналык фронтто кызмат кылып, батальондо саясий жетекчи болгон. Аскердик ага лейтенант чининин ээси. Ал Киевди фашисттердин колунан бошотууга катышкан.
9-май – Улуу жеңиш күнүн быйыл Нарын облусунда 12 ардагер белгилейт. Тоолуу облустан кан майданга 19 миңге жакын жоокер аттанган. 95 жаштагы Асек Усубалиев согуштагы кырчын кезин эскерди.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Кимсановдун аялы жана төрт баласы коркутууга кабылып жатканы кабарланды.
Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөө талаштуу маселеге айланды.
Башкы прокуратура жарандар жана дарыгерлер туура эмес маалымат таратканы үчүн өз каалоосу менен эле кечирим сурап жатканын билдирди. Мекеменин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, дарыгерлердин укук маселесин күн тартибине алып чыкты.
Нарында коронавирус жугузгандар 95ке жетти. Анын көбү Ат-Башы районунда. Учурда COVID-19 илдети тез жайылып жаткан аймактардын катарын толуктоодо. Ушундан улам бул аймакта өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды. Облустук бийликтин айтымында, вирус Ат-Башыга эки дааватчыдан жайылып башталган.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы коронавирус пандемиясынын убагында өлкөдө адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Буга чейин байкалган беткаптардын тартыштыгынан улам Теңир-Тоо аймагында ушул продукцияны жана атайын сактануучу формаларды тигүү цехтери ачыла баштады. Маселен Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы аялдар оорудан коргоочу беткаптардан баштап атайын формалардын түрүн тигип жатышат.
Дагы жүктөңүз