"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Облустук бийликтин маалыматына караганда, вирус Ат-Башыга эки дааватчыдан тараган.
Өмүрүн медицина тармагына арнаган Салкынай Мусаева Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы фельдшердик-акушердик пункттунда иштегенине 33 жылдан ашты. Анын жалпы эмгек стажы 40 жылга чукулдады. Кесибине берилген медайым бейтаптарына донор болгон учурлары да көп.
Жогорку Кеңеште бул тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Резонанстуу билдирүү жасаган мурдагы бажычы абакта сабалганын анын жактоочулары билдиришти.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жазгүл Келдибекова айылдагы уздардын башын бириктирип, шырдак жасай баштаганына он жылга аяк басты. Бул аралыкта ал чет өлкөдөн кардар табууга жетишти.
Кыргызстанда 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушталууда.
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийлик алмашып, президент Курманбек Бакиев элдин толкундоонун арты менен кызматтан кеткен. Ал күнү 90дой адамдын өмүрү кыйылган.
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча соттолгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдар УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду.
Кенжебек Качкынбаев Ат-Башы районундагы асыл тукум чарбасы бар фермерлердин бири. Ал быйыл 4 миллион сомго эт багытындагы уйларды сатып алган. Эгер анын планы ишке ашса, жарым жылдан кийин пайдасын көрө баштайт.
Нарындык ордочулардын бул жолку мелдешине жети команда катышкан. Алар Ат-Башы, Кочкор жана Нарын районунун ордочулары. Ар жылы уюштурулган бул таймаш алты айга созулат. Жыйынтыгы жаз айында чыгат.
Кыргызстандык дарыгерлер беткап сыяктуу медициналык каражаттар тартыш экенин белгилешүүдө.
Бишкек шаардык соту бул боюнча райондук соттун өкүмдөрүнүн көбүн күчүндө калтырды.
Мындай учурдагы аракеттердин ыкчам планын өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы иштеп чыгат.
Учурдагы кырдаал өлкөнүн финансы жана экономикалык абалын кыйын кезеңге кептеди.
Нарын районунун Алыш айылындагы демилгелүү аялдар өз алдынча тигүү цехин ачышты. Баштапкы чыгым үчүн алардын ар бири өз чөнтөгүнөн оң миң сомдон чыгарган. Бир ай мурун ишке кирген чакан цехтин кардарлары - азырынча алардын өз айылдаштары.
Нарын облусунда быйыл жылдагыдан мал кымбат. Маселен, бодо мал былтыркы жылга салыштырмалуу 10 миң сомго, ал эми майда жандыктар 5 миң сомго чейин кымбаттаган.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
3-мартта Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары нааразылык акциясына чыгышты. Алар соода борборундагы орундардын аукцион аркылуу берилишине каршы болууда. Ал эми "Мүлк" мамлекеттик ишканасы орундар ижара акысын көбүрөөк төлөгөндөргө берилерин айтып жатат.
Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы 70 наристе барган бала бакча кулаганы калган имаратта жайгашкан. Жаңысы качан курулары белгисиз. Кооптуу жайда балдарды караган тарбиячылардын жумушу оңой эмес. Анан калса сууну да алыстан ташып келишет.
Жол эрежелерин тескеген «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенине бир жыл болду. Ички иштер министрлиги бул аралыкта жол кырсыгы азайганын айтып жатканы менен, жалпы статистика көңүл жылыта элек.
Дагы жүктөңүз