“Дордой” базарында 5-июлда катталган өрттөн соодагерлер 100 млн. сомдой чыгым тартканы айтылды. Алар азыркы тапта базардын жетекчилигинен жана өкмөттөн жардам күтүп жатышат.
Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл аймагында 2005-жылдан кийин түптөлгөн Үмүт конушунда 100дөн ашык түтүн үй-жайына болгон укугун каттата албай келет. Жер басып алуудан пайда болгон көйгөйгө күнү бүгүнкүчө чекит коюла элек.
Жайдын аптаптуу күндөрүнө айрым ата-энелер балдардын убактысын бош кетирбей, алардын жалпы өнүгүүсү үчүн, дүйнө таанымын кеңейтүүгө салым кошчу окуу-курстарын, лагерлерди издеп жаткан учуру.
20-июнда бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү белгиленди. "Азаттык" бул датага байланыштуу Кыргызстанда баш калкалап жүргөн айрым качкындардын абалы менен таанышты. Февраль айында Орусия Украинага кол салгандан бери өлкөдө 12 миллиондон ашуун киши бозгунга айланды. Анын 5 миллионго жакыны өлкөдөн чыгып кетип, айрымдары Кыргызстанга да келген. Ушу тапта айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Северодонецк шаарынан качып чыккан Василь Савчак жана анын жубайы Людмила Чеканова үч айдан бери Токмокто күн кечирүүдө.
Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу офицер эки айга камакка алынды. Жоокердин ур-токмокко кабылганы ал ооруканага түшүп, операция болгондо гана аныкталган.
Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусунун бир канча райондору менен чектешет.
Акын Мирлан Алтымыш уулу 200 түтүн эл жашаган Токмок шаарынын четиндеги дачада айыл башчы болуп иштейт.
Жазуучу, теги украиналык Олег Бондаренко Кыргызстанга 30 жыл мурда көчүп келген. "Санарип дүйнөдө кыргыз адабияты жоголуп кетпеши керек" деген тилек менен ал Орто Азиядагы ири ачык онлайн-китепкана негиздеп, аны 14 жылдан бери иштетип келе жатат.
Бишкектеги эл үзүлбөгөн Ош базарынын жанында дээрлик бир кылымга жакын тарыхы бар китепкана жайгашкан.
23-майда АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келди. Лу мырза "Азаттык" менен болгон маегинде Ооганстандагы кырдаал, Украинадагы согуштун таасири, Кыргызстан - АКШ кызматташтык келишими, кыргыз коомунун өзгөчөлүгү тууралуу суроолорго жооп берди.
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, анда өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды. Өкмөт быйыл бул тармакка өзгөчө көңүл буруларын, бул үчүн казынадан жылдагыдан көп каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын себеп-кесепетин иликтеген коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулду.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актриса Шайгүл Алсеитова калемгердин акыркы жылдардагы чыгармачылыгы, “Манас” эпосуна арнаган эмгектери, драматургияга кошкон салымы тууралуу “Азаттыкта” сыябан-маек курду.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө эки жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Акындын замандаштары анын ырларын окуп эскерет.
АКШ президентинин майыптыгы бар адамдардын эл аралык укугу боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара инклюзивдик чөйрөнү коом өзү гана жарата алат деген пикирде. Ал шайлоого майыптыгы барлардын катышуусу, аларга түзүлгөн шарттар, инклюзияны баштоонун оңой жолдору тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунда күрөш боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгын талкууладык.
Бишкекте "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи баскычы жыйынтыкталды. Кыздарды илимге кызыктырууну көздөгөн долбоордун жыйынына «Азаттыктын» кабарчысы Нурболот Азамат катышып келди.
Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жай - Кыргызстандагы эң чоң полигон. Бул жайда таштанды өзүнөн-өзү түтөп, өрттөнүп турат.
Норвегия, Түркиядагы жогорку маяналуу ишин таштап, кыргызстандык үч жигит Бишкекке кир жуучу каражаттарды чыгаруучу чакан цех ачкан.
Лейлектеги чек ара чыры учурунда Достук айылына бир нече снаряд түшкөн.
Дагы жүктөңүз