Кыргызстанда былтыр жыл аягында күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, гумандаштыруу жараянынын алкагында абакта отурган жарандардын иши кайра каралып жатат.
Кыргызстан Кумтөрдү алган соң кенде коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» маегинде билдирди. Ал Кумтөр боюнча келишим, экономикадагы абал, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге көрүлчү чара
Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова өлүмүнө бир жыл толду.
Өткөн айдын башында дипломуна байланыштуу суракта жүргөн мугалим өз өмүрүнө кол салып, жанын кыйган. Окуяны милиция териштирип жатат. Маркумдун жакындары буга прокуратураны, райондук билим берүү бөлүмүн күнөөлөп жатат. Диплом чырына байланышкан бул чуулуу окуя коомчулукта талаш-талкуу жаратууда.
2021-жылы Кыргызстандагы дыйкандар кургакчылыктын азабын тартышты.
Кыргызстандын Чек ара кызматы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы техника менен жабдылды. Техниканы тапшыруу иш-чарасы бүгүн 25-мартта Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышып, буга чейин Кыргызстан грант түрүндө жардам катары эски техника гана алып келген болсо, мындан ары өз акчасына заманбап жаңы техника сатып алып турарын билдирди.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон.
Борбор Азия соңку жылдары энергетикалык каатчылыкка батты. Чөлкөмдөгү эң чоң суу сактагыч Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдан түшүп кетти. Мындай жагдай элди энергоүнөмдүү турак-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө мажбур кылууда.
Өткөн жылы жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жарат алгандар арасында ушул күнгө чейин сакая албай, октун азабын тартып жаткандар бар. Баткен районунун 28 жаштагы тургуну Курсанали Бакыев он бир айдан бери үйүнө бара элек.
2021-жылы 29-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 186 киши октон жарат алган.
Кыргызстандагы жападан жалгыз балык өстүрүү заводу быйыл Ысык-Көлгө сига-лудога балыгынын 8 миллион жана Ысык-Көл форелинин 330 миң чабагын коё берет. Тоң районунда 30 гектарды ээлеп турган балык өстүрүү жайы совет мезгилинде Ысык-Көлдүн эндемикалык балыктарынын санын сактап калуу үчүн иштеп келген. Эл аралык долбоорлордун колдоосу менен иштеп келаткан балык чарбасына “Азаттыктын” журналисттери барып келди.
Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаковдун демилгеси Ысык-Көлгө жейрендер алып келинди.
8-февралда Кыргызстандагы "Мувгрин" кыймылынын негиздөөчүсү, экологиялык активист Мария Колесниковага Бириккен улуттар уюмунун айлана чөйрөнү коргоо программасы "Жердин чемпиону" деген наам ыйгарды.
Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган, Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтө турган жолдун курулушуна байланыштуу талкуу токтой элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жол, кыргыз-тажик чек арасы, №39 протоколдун мазмуну тууралуу айтып берди.
"Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасынын башчысы Байгазы Матисаков Temirov LIVE каналына жарыяланган иликтөөгө жооп берип, эч качан коррупцияга аралашпаганын айтты.
Өтүп бара жаткан 2021-жылы Кыргызстандын базарларын кымбатчылык басып, азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү эки эсеге кымбаттады. Мындан тышкары курулуш материалдарына, күйүүчү майга болгон баалар өстү. Бул жылы Бишкек жана Ош шаарындагы жол кире акысы дагы көтөрүлдү.
Бишкекте жалгыз бой энелерге арналган фотокөргөзмө ачылды. Ага "Азаттык" радиосунун фото кабарчысы Гүлжан Турдубаеванын жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырган 20дан ашык документалдык сүрөтү коюлду. Көргөзмө балдарын жалгыз тарбиялаган энелерге дем берүү максатында уюштурулган.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын май айына чейин Кыргызстанда документи жок үй болбошу керектигин билдирген. Азыр жер-жерлерде атайын комиссиялар иштеп жатат. Бирок убагында ишеним каттын негизинде жер алгандар “кызыл китеп” кимге чыгарын билбей жатышат.
"Азаттык" Чаткалда чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын иликтеп чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү.
Дагы жүктөңүз