Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты. Президент катышкан жыйын кызыл чеке талаштар менен коштолуп, кайым айтыштар болду.
Кыргызстандын стратегиялык району - Лейлектин борбору Раззаков бир нече жыл мурун шаар макамын алган. Тарыхта мурдагы Исфана жайгашкан жердин тарыхы бай, эң байыркы шаарлардын бири экени айтылат. Андан кызыгы, бул аймакта өнөрдү, кесипти муундан-муунга өткөрүп берген салт сакталып келет.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу эки айга кармалган активисттердин жакындары алардын жаш балдарыы бар экени эске алынбай калганына нааразы.
Кыргыз Эл акыны Омор Султанов көзү тирүү болгондо 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры», «Адамдын турмушу» баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.
Саясатчы, коомдук ишмерлер Кыргызстандын эгемен тарыхындагы маанилүү окуяларды эске салып, аларды чагылдыруудагы “Азаттыктын” ролун айтып беришти.
Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашып, чек ара маселесине чекит коюуга аракет кылууда. Кыргызстан кошуна өлкөдөн 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө белсенип турат. "Азаттык" кыргыз-өзбек бийлиги пландаган жаңы чек аранын, 900-горизонталдын чегин иликтеди.
Эл артисти, белгилүү балерина Айзада Тумакова 30 жылдан ашуун өмүрүн искусствого арнаган. 25 жыл сахнада бийлеп, белгилүү партияларды аткарса, учурда 70тей жаш бийчиге бул өнөрдүн сырын үйрөтүп келатат. Тагдыры балет дүйнөсүнө байланган бийчи жеке жашоосу, ийгиликтери тууралуу айтып берди.
Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өттү.
“Кызыл китепке” кирген илек-илектер байыр алган Ак-Турпак айыл аймагына “Азаттыктын” кабарчылары барып ондогон кушту тасмага түшүрүп келген.
Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсүндө "кызыл тилкеден" чыгып кеткен имараттардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык үйдүн короосунун дубалы сүрдүрүлдү.
Баткендеги Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы талкаланган үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул эки айыл Тажикстандын Ворух анклавына жакын турат. Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери 25-сентябрда чек арадагы сегиз постту алуу жөнүндө протоколго кол коюшту.
Кыргыз бийлиги чек арадагы кол салуу деп атаган 16-17-сентябрдагы куралдуу кагылышууда каза тапкан 62 кыргызстандыктын эң кичүүсү 15 жаштагы Элзада Маннанова болуп калды. Элзада убагында үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кете албай, жанынан жарылган снаряддан курман болгон.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны 198ге жетти.
Чек арадагы жаңжалда ок тийген жети бала Бишкектеги ооруканада дарыланууда. Алардын эң кичүүсү 1 жарым, улуусу 15 жашта. Соңку маалымат боюнча жабыркагандар 185 адам болду, алардын 12си балдар.
Бишкектеги кан борборунда таңкы сегизден бери кезек күткөндөр көп, өз ыктыяры менен кан тапшыргандар Азаттыктын кабарчысы барган маалда 200дөн ашты.
Ушул жылдын июль айынан бери аскердик кызматын өтөп жаткан төрт аскер каза болду. Армиядан ажал тапкан жоокерлер бири-бирин тааныбаганы менен, алардын өлүмү, тагдыры аябай окшош. Көз жумгандардын үчөө Ысык-Көлдө, бирөө Баткенде туулуп-өскөн.
Мунун себеби бири-бирине байланыштуу.
Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.
Соң-Көл жайлоосунда быйыл Нарын районундагы эки айылдын бала бакчасы иштеди. Мындан он жылдай мурда тарбиячы эжекеси менен жалгыз боз үйдү айланчыктап жүргөн жайлоодогу балдар эми өзүнчө китепканасы, ашканасы бар бала бакчага барууда.
Бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди. Мушкер алдыдагы машыгууларын Ысык-Көлдө өткөрүп, күзүндө өтө турган беттешине даярданат.
Дагы жүктөңүз