Президент Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди. Ал жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип жатып, кыргызстандыктарды референдумга активдүү катышууга чакырды.
Белгилүү коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова “Азаттыкка” сыябан -маек курду.
Эрулан Кокулов “Не сахар” долбоору менен базарларда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды, санитардык талапка жооп бербеген тамак-аш даярдалуучу жайларды аныктап, видеого тартып коомчулукка жарыялайт. Кокулов “Азаттыкка” маек куруп, товар керектөөчүлөрдүн укугу, мамлекеттин кайдыгерлиги жөнүндө айтты.
Дуулат Бейшеналиев- Апрель окуясына катышып, ок жеген. Ал азыр жардамга муктаж. 8 жылдан бери бир нече операция болуп, тилекке каршы, бүтпөгөн жарааты ракка айланган. Азыр ыңкылапчынын абалы начар. Ал дары-дармекке муктаж. Эң негизгиси - коррупция жоюлбай, эмгеги, саламаттыгы текке кеткенине кейийт.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүн атайын комиссия иликтеп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги ал коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду деген маалыматты расмий төгүндөдү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык директору Ханс Клюге Бишкекке келген маалда "Азаттык" радиосуна эксклюзивдүү маек курду. Ал саламаттык сактоонун мамлекет жана адамдар арасындагы орду, пандемиянын сабактары, аялдардын саламаттыкты сактоодогу ролу сыяктуу бир катар маселелерге токтолду.
Акын жана "Азаттык" радиосунун журналисти, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалына арналган "Жүрөктөгү бороон" аттуу спектакль 18-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрынын сахнасында коюлду.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чыр артисттердин маяна маселесин, социалдык көйгөйлөрүн күн тартибине алып чыкты. 6-мартта сахнага чыгуудан баш тарткан балет артисттеринин бири Фарух Садыркулов жумуштан кийин такси айдап акча табат.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчысы конституциялык реформа, тышкы-ички саясат, кошуналар менен мамиле, оппозиция, демократия, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу бир катар талылуу суроолорго жооп берди.
Муфтияттагы каржылык иштерди иликтеген аудиторлордун айтымында, ажылыктын акчасынан 847 миң доллар кемип кеткени айтылды. Аталган сумма “Фарватер”, “Налоговый Представитель”, “Тали Эйр” жана мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев менен байланыштуу жаранга берилип кеткен.
“Дордойдогу” соодагерлерлер менен ишкерлердин ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бир нече тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учурады. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган Тажикстандык ишкерлердин соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгон.
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, ондогон поэтикалык китептердин автору жана У.Шекспирдин, Ф.Шиллердин драмалык чыгармаларын которгон акын Бактыгүл Чотурова менен чыгармачылыктагы чыйыры, соңку жаңылыктары тууралуу маек.
Кыргызстанда акыркы кезде бир катар азык-түлүк, курулуш товарлары кымбаттады, машиненин тетиктеринин баасы да көтөрүлдү. Бир литр суу май 160 сомго чейин сатылып, колдонуучулардын нааразы пикирин жаратууда. Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет көрүп жатканын айтты.
Нурмат Осмонбеков жана Баяман Ниязалиев Бишкекте «Бар академиясын» ачкан. Эки дос чет мамлекеттерде иштеп жүрүп, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген ыкмаларды үйрөтүүнү максат кылышкан. Азыр бариста (кофе даярдоочу) жана бармендик кесип боюнча окуулар жалаң англис тилинде өтүп жатат.
Борбор калаа башчылыгы эки күндөн бери коомчулукта кызуу талкууланган темага айланды. Ошол эле кезде Бишкек мэрине талаптар да аз эмес. Бишкекке кандай мэр керек? "Азаттыктын" кабарчысы ушул суроо менен шаар тургундарына микрофон сунду.
Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан балдардын саны январь-февраль айында көп катталууда. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору кошумча 150 орун ачып, азыркы тапта анын баары толгон. Ошондой эле коронавирус, ага кошумча Кавасаки синдромуна окшош илдеттер да катталууда.
Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылы бир жылдары “Новая Россия” деп аталып, анын калкынын 80% орустар түзгөн. Ушул тапта бул чакан айылда кыргыздар менен жуурулушуп калган он чакты орус үй-бүлө жашайт.
Ант берип расмий түрдө кызматка киришкен президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүн коомчулук кандай кабыл алды? Жапаров алгачкы ишин эмнелерден башташы керек? Ал коомдогу каршылаш саясий топторду бириктирип, консолидация кыла алабы?
“Азаттык” мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармек, аларды көзөмөлдөй турган мамлекеттик мекемедеги коррупция, кызыкчылыктар кагылышын иликтеди.
2017-жылы 16-январда «Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытындагы түркиялык компанияга таандык учак “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулап түшкөн. Кырсыктан 39 адам көз жумган, анын төртөө экипаждын мүчөсү болгон. Окуядан кийин айылды көчүрүү маселеси айтыла баштаган.
Дагы жүктөңүз