Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин көзү тирүү болгондо 12-январда 80 жашка чыкмак.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында сөз эркиндиги боюнча суроолорго жооп берди.
Бүгүн 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүтү. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты.
Америкалык Келли Мурдун үй-бүлөсү 4,5 жыл дегенде соттон утуп чыгып, 16 жаштагы Берметти асырап алууга уруксаат алды. Сүрөт тартууга шыктуу өспүрүм буга чейин Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жашачу. Келли Мурдун үй-бүлөсү Берметти өз бүлөсүнө алуу үчүн
Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митинг өтүп жатат. Акцияга үн кошкондор соттун 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелген үч кишинин экөөнү актап, бирине жеңил жаза чегерип койгонуна нааразылык билдирип, соттун жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.
ВИЧ/СПИДди базарларда акысыз текшерүү учурунда сегиз кишиден оору табылды. Бишкектеги жана Чүй облусундагы ири базарларда ВИЧ/СПИД, гепатиттин В, С түрү боюнча 500дөн ашык адам текшерүүдөн өткөн. Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10 миңден ашат.
Коронавирус пандемиясынан улам “Дордой” базарындагы соода солгундады. Буга базардан чогулган салыктын көлөмү далил. Мисалы, “Дордойдогу” ишкерлер 2019-жылы 414 млн. 585 миң сомду мамлекеттин казынасына төккөн.
20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү.
Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууда жигердүү эмгектенгендиги үчүн «Абай» медалы Түгөлбай Казаковго, Атантай Акбаровго, Айдарбек Сарманбетовго, Керимбек Кадыракуновго, Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Кара-Кечеде көмүр ташыган "КамАЗ" кырсыкка учурап, бир киши каза болду. Айдоочулар буга жаңы салынган жолдо коопсуздук чаралары каралбаганы себеп болду дешет.
"Азаттык" радиосунун "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" деп аталган подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
4-ноябрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ошентип, октябрдан бери парламентте үчүнчү жолу спикер алмашты.
Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.
2-ноябрда «Дордой» базарынын сатуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Кытайдан товар алып келүүнү камсыздап берүүнү өкмөттөн талап кылышты. Алардын айтымында, Кытайдан алдырган товарлары чек арадан өтпөй, жаңы сезонго товары келбей калган.
1-ноябрда Бишкек шаарында 500дөй киши Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акцияга чыгышты.
«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы дайындалган жетекчи Бактыбек Сыдыковдун өлкөнүн негизги аба майданына байланыштуу бизнеси бар.
Коомдук ишмер Айжан Акылбекова кыргыздын баш кийими болгон элечекти даңазалоо максатында бир жумалык “Элечек жумалыгын” уюштурду. Ал “Элечек жумалыгын” үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Жумалыкка ар тармактын өкүлдөрү катышты.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде фотограф Болот Исабеков жана сүрөтчү Анатолий Цыбухтун “Маңкурттун түшү/Маңкурттун арманы” аттуу графика жана фотосүрөттөр көргөзмөсү көрсөтүлүп жатат.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Азаттык" үчүн курган маегинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чукул конституциялык реформа жүргүзүү үчүн референдумга баруу тууралуу кадамын мыйзамсыз деп кескин сынга алды.
Дагы жүктөңүз