Үч тарабынан тажик айылдары курчап турган Достук айылынын тургундары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Таш-Тумшук айылынын тургундары президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Лейлек районундагы Максат, Арка айылдарында жаңжалдан талкаланган үйлөр т
Максат айылындагы кыргыз-тажик жаңжалы учурунда өрттөлгөн имараттардын курулушу аяктап, жеке турак жайлардын пайдубалы түптөлүп бүттү. Эми сип-панел менен аянты 123 чарчы метр болгон үйлөр тургузулат. Жарандардын бир бөлүгү жеңил конструкциядагы турак жайлардын сапатына ыраазы болбой жатышат.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Алар 4-июнда дагы үйүндө түнөгөн жок. Бул күнү Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында түшүнбөстүктөр жаралган эле. 29-апрелдеги жаңжалдан кийин айылдан көчүп кетүүнү каалгандар көп. Буга б
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан бери бир айдан ашык убакыт өтсө дагы Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюндагы Таш-Тумшук айылынын тургундары үйлөрүнө толук кайтып келе элек. Алар президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат.
"Азаттыктын" кабарчылары жаңжалдан жабыркаган Баткен облусундагы Ак-Сай, Достук айылдарында болуп, элдин жашоосу менен таанышып кайтты.
Кыргыз өкмөтү 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди. "Азаттыктын" журналисттери дагы кенди жеринен барып көрүп келди.
25-майда Улуттук филармониянын кичи залында пианист, Гнессин атындагы Орусиянын музыкалык академиясынын бүтүрүүчүсү Талгат Аракеев элге жеке концертин тартуулады. Фортепиано музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн бул жагымдуу жаңылык болду. Анткени Аракеев күйөрмандарына француз элинин мыкты делген композитор
"Кудук" маданий борбору Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетин чагылдырган "Аккорд" аттуу спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Анын автору согуштун айынан жетим өсүп, ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан сүрөтчү Диана Рахманова.
Кыргыз-тажик жаңжалында Баткендеги Карабак айылынын беш тургуну каза болду, төртөө бир көчөнүн жашоочулары.
Кыргыз-тажик жанжалында Тажикстандын айылдарынын курчоосунда жайгашкан Көк-Теректеги 17 үй толугу менен күйүп кетти. Азыркы учурда Көк-Терек айылынын тагдыры толук чечиле элек. Тургундардын айтымында, айыл башка жерге көчүрүлүшү толук мүмкүн. Буга жергиликтүүлөрдүн бир бөлүгү макул эмес.
Лейлектеги Андарак айылында Кыргызстандын тажик тектүү жарандары жашайт. Айыл тургундары кыргыз-тажик жаңжалынан жабыркагандарга гуманитардык жардам жиберишүүдө.Андарактын жашоочулары чек арадага куралдуу жаңжалды оор кабыл алып, кан төгүүдөн жана эрегиштен эч ким утпай турганын айтып жатышат.
29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында мекенин коргоп жатып, курман болгон аскерлердин арасында прапорщик Бекзод Юлдашев да бар эле. Ал айдаган автоунаа Көк-Таш айылына курал жеткирип келе жатканда ок атууга кабылган. 10-майда Бекзод 31 жашка толмок, маркумдун артында үч баласы, жубайы калды.
Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанова кандай жагдайда каза болгону белгилүү болду.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек ара чатагында Көк-Таш айылындагы "Головнойдон" 25 адам каза болгонун билдирди. Маалыматка караганда, аларга минометтун огу жаңырган. Жарадарлар көп кан жоготуудан көз жумган.
Чек арадагы тиреште Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.
Чек арадагы тиреште Баткен облусунда 78 турак-үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.
Баткенде жергиликтүү бийликтин маалыматында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан эвакуация болгон жай тургундардын саны 20 миңден ашканы айтылууда.
Кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын алпы Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнө салды. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург акыркы сапарга узатылып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Бишкекте 23-апрель эл аралык китеп күнүндө балдарга арналган 400гө жакын электрондук китептин презентациясы өттү. Аларды кыргызстандык 25 автор жазып, 20 иллюстратор сүрөтүн тарткан. Балдар жазуучуларынын китептери www.kitep.edu.gov.kg дарегинде жайгашкан. Бул иштер ЮСАИДдин "Окуу керемет" долбоорун
Дагы жүктөңүз