"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бишкекте “Назиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы. Аялдар Кыргызстандын киносунда” аттуу киноальбомдун бет ачары өттү. Китепте кыргыз жана совет киносунун легендасы Динара Асановадан тартып бүгүнкү күндө ата-мекендик кинематографияда иштеп жаткан кыз-келиндердин бейнеси сунушталган.
Бул жолу “Данистенин” назарына Ноокендеги жарыксыз айылдын, Өзгөндөгү ылай суу ичкен кыштактын турмушу, каражаты жоктугунан кызын борборго дарылатууга алып бара албай жүргөн тогузторолук жалгыз бой эненин арманы түштү.
15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерин сүрөгөн саясий партиялардын ичинен "Ак шумкар" партиясы курултайын биринчилерден болуп өткөрүп, өз лидери Темир Сариевди президенттик жарышка расмий аттандырды.
52 жаштагы Доробшо Хушвахтов үй-бүлөсү менен Кыргызстанда үч жылдан бери жашап жатат.
Нуршат Абабакиров ЮНИСЕФ балдар уюмунун "Супер ата" долбоорунун катышуучусу. Эки баласы бар. Нуршат балдарын кичинекейинен спортко кызыктырып, үч тилди үйрөтүп, үчөөндө тең эркин сүйлөөгө тарбиялап жатат.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгаралышында Тоолуу-Бадахшандагы жалгыз мейманкананы иштеткен кыргыз жигити, өлүм алдында жаткан наристелерге кам көргөн өлкөдөгү жалгыз хоспис, Ак-Талаадагы чатырда экзамен тапшырган бүтүрүүчүлөр жана башка баяндарды сунуштайбыз.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышында сынч үйлөрдүн бекемдиги, токойчулардын түйшүгү, Украинадагы журтташтар, кыргыз тарыхы жана маданиятына кызыккан түрк үй-бүлөсү тууралуу баяндар камтылды.
24 жаштагы майып жигит Уландын жашоосунда достору өзгөчө орунду ээлейт. Жол кырсыгынан улам эки буту баспай калган баланын теңтуштары ага каралашып, жөлөп-таяп келишет. Улан жана анын эки досунун бир күндук тирилигине күбө болдук.
"Данисте" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышына беш баласы менен катаал тагдырга туш болгон келиндин жаңы жашоосу, он жылдык жолугушууларды пайдалуу саамалыктарга айландырган айылдык классташтар, өлкөдөгү эң чоң драма театрдын жертөлөсүнө саякат жана башка баяндар камтылды.
Кыргызстанда балдарын жалгыз баккан энелер кадыресе көрүнүшкө айланганы менен, жалгыз бой аталар тууралуу маалымат айтылбайт. Атүгүл алардын саны белгисиз. Жалгыз бой аталар балдарын кантип тарбиялашат? Кара-Балтанын тургуну Жылдыз Ашимов төрт баласын жалгыз тарбиялап жатат.
Данисте" телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Жерге-Талда болгон жер титирөөдөн жабыр тартып, Чүйгө көчүп келген кыргыздар, буту баспаган жети жаштагы Өмүркандын аянычтуу тагдыры тууралуу баяндайбыз. Ошондой эле Европаны багындырган тенор үндүү журтташыбыз Жеңиш Ысмановдун жаштарга кеп-кеңешин жан
Тажикстандын Жерге-Тал, азыр Лахш деп аталган райондо жер титирөөдөн чочулаган бир нече үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келди. 3-майдан бери кыргыз-тажик чек арасы тарапта ондон ашык жер силкинүү катталып, алардын биринин күчү 7 баллга чейин жеткен. Кыргызстанга келген жергеталдыктар ушул тапта Чүйдүн т
Данистенин назарында: Бишкектеги Алыкул акындын талкаланган үйү, Жеңиштин нагыз ээлери, өлкө санарипке даяр, Кыргызстандагы татар элинин таржымалы.
9-майда Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленүүдө. Эл Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов жана башка Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө эмне билет? "Азаттыктын" кабарчылары Бишкек шаарынын тургундарына микрофон сунду.
Данисте: Аюу-Сайдагы 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкү, кооптуу аймактар тууралуу адистердин пикири, төкмө акындын бейкүнөө кеткендерди жоктоосу камтылды.
Бишкекте бешинчи жолу Билим фестивалы болуп өттү. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду уюштурган фестивал алкагында жылдагыдай эле китеп жана билим берүү мекемелеринин көргөзмөлөрү уюштурулду. Кечээ башталган фестивал быйыл сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга багытталган.
“Данисте”: Жалал-Абад облусунун көчкү жүрүп жаткан райондору эми кыяндын зыянын тартууда, жаштар менен тең күрөшкөн 70 жаштагы балбан Абакир Рысовдун байгелери, окуучулар кайтарган айгүл гүлү, Ала-Тоону мекендеген карачайлардын жашоосу.
21-апрелде Сот аткаруу департаменти менен Мамлекеттик цирктин кызматкерлери цирктин жанында жайгашкан мейманканада көп жылдан бери мыйзамсыз жашап келаткан отуздан ашуун үй бүлөнү күч менен чыгарууга аракет кылышты.
19-апрелде Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Көк-Жар жаңы конушундагы бала бакчада бак отургузду.
Дагы жүктөңүз