"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
“Данисте”: Сокулуктагы жер талаш, Нарындагы тоодой тоскоолдуктан өтүп билим алып жаткан балдар, чек ара көйгөйү сахнада, бишкектик иллюзионисттердин Голландиядагы ийгилиги, жапон келиндин Караколдогу демилгеси.
“Газпром Кыргызстан” ишканасы Бишкектеги Керамика конушунуа газ киргизди. Буга чейин он конушка түтүктөр тартылып, бирок газга кошула элек болчу. Айрым конуш тургундары газ тартуунун баасы кымбат экени н айтып, нааразы болуп келишкен. “Газпром Кыргызстан” ишканасы болсо газдаштыруу акысын эки эсе ар
“Данисте” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында акимчилик көчүрө албай сотко берген үй-бүлөлөр, мектепке зар балдар, кир суу ичкен айылдар тууралуу видео баяндарды сунуш кылабыз. Ошондой эле күн сайын аялдаманы жууган аксакал, Бишкек-Ош жолун көпүрө курууну самаган жаш архитектор тууралуу берүүлөрдү кө
Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" комплексинде апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчы жана башка чиновниктер эскерүү жыйынында сөз сүйлөгөн жок. Атамбаевдин 7-апрелге карата элге кайрылуусун президенттик аппаратты
Бишкекте жайгашкан №47- абактын ооруканасына которулган саясатчы Садыр Жапаров өз өмүрүнө кол салууга аргасыз болгонун ырастаган түшүнүк каттын көчүрмөсү жарыяланды.
Суу жана баткак баскан айылдар, дүлөй жана дукук балдардан турган өзгөчө футбол командасы, коом өгөйлөгөн аутисттер, чоң апалардын таймашы жана ошондой эле Москвадагы спорт клубда машыгып жүргөн чемпион мигранттар тууралуу баяндайбыз.
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыкка ат салышууга камынып жаткандарга кайрылып, Кыргызстандык эгемендигин коргоого чакырды. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында "Атамбаев мураскер даярдоодо" деген божомо
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн 25 жылдык "Жол картасын" түзүп коюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында айтты.
Бүгүн Бишкекте “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөл болду. Анда өлкөдөгү саясий укуктар жана сөз эркиндигинин абалы талкууга алынды. Жыйынга Жогорку Кеңештен, Президенттик аппараттан, Коопсуздук комитетинен чакырылган өкүлдөр келишкен жок.
Тостмастерлер клубу дүйнөнүн 140 өлкөсүндө бар. 1920-жылдары АКШда негизделген бул кыймылдын катышуучулары элдин алдында сөз сүйлөө өнөрүнө машыгышат.
Бул жолку берүүгө Баткендеги таштандыга толгон Төрт-Гүл көлү, Нарындагы кеп-кеңешке муктаж аутист балдар, Оштогу энелер жана наристелер батпай калган төрөткана, Түркия машыктыруучулары барктаган кыргызстандык футболчу Мурзаев тууралуу баяндар камтылды.
"Сөз эркиндигин коргоо комитети" менен «Конституциялык кеңешме» кыймылы уюштурган Азаттык форумуна коомдук ишмерлер, оппозиция өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер катышты. Анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланды.
Кыргыздын туңгуч улуттук операсы “Айчүрөк” кыргыз сахнасында жаңы жасалга, жаңы курам менен менен кайрадан коюла баштады. Мында актерлордун кыймыл-аракетинен тарта, алардын сахна кийимдерине чейин өзгөргөн. Үчүнчү жолу жаңыланып, көрүүчүлөргө тартуулана баштаган спектаклдин бет ачары аншлаг менен өттү.
Нооруз майрамына карата уюштурулган Көк бөрү боюнча Бишкекте жана Ошто өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы финалдык таймашта Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешти. Оюнга берилген негизги убакыт 7:7 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кош
Нооруз майрамында гана жасалчу сүмөлөктүy сатыкка чыкканын көрүүгө болот. Улуттук тамактын бул түрү бара-бара бизнеске айланып, кирешенин бир булагына айланды. Сатыкка чыккан сүмөлөк кандай шартта жасалып, канчалык пайда алып келет?
Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен Дайыр Асанов багынан Уркуя Салиеванын эстелигине бараткан жөө жүрүш катышуучуларын Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен милиция тосуп чыкты.
Бишкекте Берлинале фестивалында дүйнөлүк бет ачары өткөн режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы жабык көрсөтүлдү. Ага жергиликтүү кино күйөрмандары жана Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Тасмадан кийин режиссердун катышуусунда талкуу өтүп, анда көрүүчүлөр “Кентавр” тасмасы у
Кыргызстанда электрондук каттоого алынып жаткан карагай арчалар, бут кийимдери эл аралык базарга чыгып жаткан дизайнер Гүлзар Чыналиеванын тилеги, Ысык-Көлдө машыккан чет элдик спортчулар жана башка видео баяндар бул жолку “Данисте” телеберүүсүнүн назарына түштү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкон мамлекеттик кызматкерлерге, жергиликтүү өнөктөштөргө жана медиа өнөктөштөргө президенттин жана өкмөттүн атынан сыйлыктар жана ыраазылык каттар тапшырылды.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Дүйшөнкул Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болушат. Бүгүн эки саясатчынын баш коргоо чарасын караган Бишкек шаар соту Биринчи май райондук сотунун аларды эки айга камоо тууралуу 27-февралда чыгарган чечимин күчүнд
Дагы жүктөңүз