"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон киши каза болду. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.
Казакстан Борбор Азиядагы алгачкы АЭС курууга дагы бир кадам жакындады. Өзбекстан да Орусия менен чогуу чакан АЭС курууну көздөп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү АЭС куруу үчүн коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Эмне себептен Орусия регионго АЭС курууга кызыкдар?
"Азаттык" Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын көрсөтөт. Белгилүү себептерден улам берүүдө сүйлөгөн каармандардын жүзүн жаап, атын өзгөртүп беребиз.
Газада согуш токтобой жаткан маалда жаралган чыңалуу Жакынкы Чыгышта чоң жаңжалга жол ачпайбы? Эми Израилдин кийинки кадамы, ага каршы турган иранчыл жоочулардын жообу кандай болот? Кыргыз бийлиги өз жарандарын Израил менен Ливанга убактылуу барбай турууга чакырды.
Кыргызстан үч жыл мурда Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылын террордук жана экстремисттик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Ага чейин Казакстан да ушундай эле чечим кабыл алган.
Европа өлкөлөрү кандай адистиктеги мигранттарга муктаж? Борбор Азия жумушчу күчүн Европага жөнөтө алабы? Бул сыяктуу маселелер 14-сентябрда Прагадагы “Борбор Азия форумунда” талкууланды.
Париж паралимпиадасына Борбор Азиядан ондогон спортчу катышып, алтын медал тагынгандар бар. Параолимпиада - алардын көптөн күткөн кыялы. “Азаттык” олимп кыштагында толгон-токой кыйынчылыктан өтүп, кыялына жеткен Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген үч спортчу тууралуу айтып берет.
Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиадада кыргызстандык спортчулар Айтунук Жоомарт кызы жана Гүлназ Жүзбаева мелдешти жыйынтыктады. Дзюдочу Маматибраим Суранов 6-сентябрда таймашка катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 8-сентябрда күч сынашат.
Телеграмдын түптөөчүсү Павел Дуровдун Францияда кармалышы сөз эркиндигин коргоону жана онлайн мазмунду тескөө зарылдыгын жактагандардын тирешин күчөттү. Дүйнөдөгү эң популярдуу платформалардын биринин ишмердиги канадй болот?
Орусияда Мамлекеттик дума мигранттарга каршы мыйзамды кабыл алды. Эми полиция чет элдик жарандарды соттун чечими жок депортациялайт. Ал арада Украинадагы согушка орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү дагы бир ирет сунушталды.
Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого 4 айга жетпеген убакыт калганда демократтар оңой эмес абалга кептелгендей. 27-июндагы дебаттан кийин 81 жаштагы президент Жо Байден жарышта калууга тийишпи же башка партиялашына орун бошотушу керекпи деген талаш күчөдү.
Шереметьеводо кармалган, Москвага жетип-жетпей артка кайтарылган мигранттар. Токтобогон рейддер, рублдун курсундагы олку-солку кырдаал. Мигранттарды депортациялоо үчүн полицияга берилүүчү укук. Орусия эмгек мигранттары үчүн кооптуу өлкөгө айландыбы?
Борбордук Европада жайгашкан Польшанын парламентинде кыргызстандык Максат Тургуналиев алты жылдан бери эмгектенет. Ал иштешкен сенатор Ян Филипп Либицкий былтыр күзүндө төртүнчү жолу Сенатка мүчө болуп келди.
Тогуз айга аяк баскан Газадагы согушта күн сайын жайкын тургундар ажал табууда. Газада кырдаал кандай? Эмне себептен согуш токтобой жатат? Канткенде кан төгүүгө, азап чегүүгө чекит койсо болот?
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан”. Үч өлкөнү бириктирген, Орусияны кыйгап өтө турган турган темир жолдун долбоору боюнча дагы бир макулдашууга кол коюлду. Кылымдын курулушу атыккан бул долбоор Кыргызстанга эмнеси менен маанилүү?
Иранда президент Эбрахим Раисинин сөөгүн 22-майда жерге беришет. Авиакырсыкта каза болгон президент эмне себептен “Тегерандын касапчысы” деген атка конгон? Дегеле жогорку руханий лидер башында турган Ирандын саясий системасында президент кандай роль ойнойт?
Кыргызстандык чабандестер Польшада соңку үч жыл катары менен ат чабыштан чемпион болуп, жеңишти бербей келет. Борбордук Европадагы бул өлкөдө ушул тапта 20га жакын кыргыз жигити ат спорту менен алектенет. “Азаттык” Польшада кыргыз жигиттеринин талбаган эмгек менен жаралган ийгилигин көрсөтөт.
Борбор азиялык немистер Германияга 1990-жылдардын башында кете баштаган. Ал кезде немис өкмөтү тарыхый журтуна көчүп келген немистерге бир топ жеңилдиктерди берген.
Катар калкынын саны жагынан Кыргызстандан кеминде эки жарым эсе, аянты жагынан 17 эсе кичинекей өлкө. Перс булуңундагы бул мамлекет ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири.
Москвадагы теракт борбор азиялык мигранттарга кандай таасир тийгизет? Мигранттардын коосуздугун ким камсыз кылат? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсү ушул суроолорго жооп издеди.
Дагы жүктөңүз