"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Батыш ички репрессиялардын, Украинадагы согуштун фонундагы шайлоодо Путиндин жеңишин сындаса, Москва менен шериктеш өлкөлөр орус лидерин куттукташты. Путиндин 5-мөөнөтүндө геосаясий кырдаал канчалык өзгөрүшү мүмкүн? Москва Борбор Азияга, башка постоветтик өлкөлөргө таасирин күчөтөт деп күтсө болобу?
Чехиядагы “Ала-Тоо” уюму бул өлкөнүн ар кайсы аймагында иштеген, окуган кыргызстандыктардын башын бириктирип, жардам көрсөтүү максатында беш жыл мурда түзүлгөн. Уюмдун жетекчиси Айжан Байшүкүрова "Азаттыкка" экскоюзивдүү маек курду.
Владимир Путин 2000-жылы Орусияда президенттик кызматка расмий киришкен. Ал кезде Батышта Орусиянын жигердүү лидери катары таанылса, 24 жылдан кийин кантип Эл аралык кылмыш соту камакка алууга ордер чыгарган саясатчыга айланды? Мындай кырдаалга эмне түрткү болду?
АКШга мыйзамсыз жол менен барган ондогон өзбекстандык мекенине кайтарылды. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын дагы бир тобу АКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты. Мигранттардын арыз-дооматына эмне себеп?
Эски Европада такси кызматы 17-кылымда эле пайда болгону тарыхтан белгилүү. Чехиянын борбору Прагада таксиге суроо-талап чоң. Туристтер агылган Прагада кызматтын бул түрүн Борбор Азиядан келген мигранттар колго алды. “Азаттык” чех жергесиндеги борбор азиялык таксисттер менен тааныштырат.
Орус армиясы Украинанын аймактарына дээрлик күн сайын сокку уруп жатканына эки жыл болду. Бул согуш Украинаны жана Орусияны кандай өзгөрттү? Киев менен Москвада маанай кандай? Согуш качан, кандай шартта аякташы мүмкүн? Ушул жана башка суроолорго “Биз жана дүйнө” берүүсүндө жооп издедик.
Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда орус медиасы Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.
Европанын жолдорунда оор жүк ташыган машина айдап жүргөн жүздөгөн кыргызстандыкты жолуктурса болот. Кээ бирлери эмгек акысын ала албай, келишимдин шарттары аткарылбай, алданып, атүгүл соттошуп жүрөт. Башкалары иш берген компанияларына, иштөө жана жашоо шарттарына ыраазы экенин айтышат.
Дохада Азия кубогу финалдык баскычына жетти. Бул жолку мелдеш сенсацияга бай болду. Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары чейрек финалга жетти. Кыргызстан тайпадан чыга албаган сегиз команданын бири болуп калды. Азия кубогунун кыргыз футболу үчүн сабагы кандай? “Азаттык” Катардан баяндайт.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык акыркы оюнунда Оман менен 1:1 эсебинде тең чыгып, мелдештин плей-офф баскычына өтө албай калды. "Азаттыктын" журналисттери оюндан кийин "акшумкарларга" кезигип, алардын ой-пикирин да сурады.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандар Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионун шаңга бөлөдү.
Борбор Азияда көз карандысыз медиага басым-кысым, куугунтук күчөдү. Андай учурлар эмнеден кабар берет? Региондогу бийлик өкүлдөрү эмне себептен эркин журналисттерден чочулашат? Маалымат алуу жана эркин таратуу укугун чектөө кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?
Кыргызстандык шахматчылар Чехиянын борбору Прага шаарында өткөн "Prague Open" эл аралык шахмат фестивалында ийгилик жаратышты. 8-январдан 12-январга чейин созулган бул турнирге 42 өлкөдөн 400гө жакын адам катышты. Анда кыргызстандык үч шахматчы алдыңкы орундарга ээ болду.
Катарда Кыргызстандын курама командасы экинчи жолу Азия Кубогу үчүн ат салышканы турат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогуна чыгып, 1/8 финалга чейин жеткен. “Азаттык” ал оюндарда кураманын чабуулчусу болгон Виталий Люкс менен маектешти.
2023-жылы окумуштуулар лабораториялык шартта жасалма түйүлдүк жарата алышты. Индия Айдын түштүк уюлуна өз аппаратын кондурган алгачкы мамлекет болду.
2023-жыл эмнеси менен эсте калды? "Азаттык" 2023-жылы дүйнөдө, чөлкөмдө жана Кыргызстанда болгон орчундуу окуяларды тизмектеди.
Борбор Азия лидерлеринин 2023-жылдагы дипломатиялык жадыбалы интенсивдүү болуп, бийик деңгээлдеги жолугушуулар көнүмүшкө айланды. Борбор Азияны кимдер жана кандай максатта бооруна тарткысы келет?
26 жолу жигитинен бычак жеген Жулия, күйөөсүнүн токмогунан ресторанда үзүлгөн Салтанат. Кулак-мурду кесилген Асел. Үрөй учурган мындай зордук-зомбулукка эмне түртөт? Фемицидге кантип чекит коебуз? Аялды аябаган коомдук аң сезимди кантип өзгөртсө болот?
Украинанын орус күчтөрүн өз аймагынан сүрүп чыгарууну көздөгөн быйылкы контрчабуулу күтүлгөндөн жай жүрүп жатат. Буга эмне себеп? Согуш тилкесинде кырдаал кандай? Уруш бир нече жылга уланышы мүмкүн деген жоромолдор канчалык негиздүү?
Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган) согушу башталганына бир айдан өттү. Бул жолку уруш эмнеси менен айырмаланат? Кан төгүүнү токтотуу аракеттеринен жакында майнап чыгабы? Согуш аяктагандан кийин Газа тилкесинин келечеги кандай болот?
Дагы жүктөңүз