"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. 12-мартта долбоордун башталышы боюнча иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы соңку окуялар бо
Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-марттагы аялдардын жүрүшүндөгү окуяга нааразы болгон жүздөгөн киши акция уюштурушту.
Майлуу-Суу лампа заводу токтоп калуу коркунучуна кептелди. Тигүү бизнесин бутуна тургузган Жайна Раева. Тиричилиги устаканага байланган Өзгөндөгү көп балалуу үй-бүлө.
«Азаттык» радиосу окурмандар арасында жарыялаган «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады.
Коронавирусту жуктуруп албоонун жолдорун жалпак тил менен түшүндүрүп беребиз. Ат-Башыдагы кооптуу имаратта тарбияланып жаткан наристелер. Германияда иштеп жүргөн окумуштуу мекендешибиздин баяны. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
26 жаштагы кыргызстандык эркин күрөш балбаны Арсалан Будажапов өткөн аптада Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Будажаповдун атасы бурят, апасы кыргыз кызы. Ал былтыр апасынын өтүнүчү менен келип, кыргыз жарандыгын алып, мелдештерге Кыргызстандын атынан күрөшө баштаган.
Жол эрежелерин тескеген «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенине бир жыл болду. Ички иштер министрлиги бул аралыкта жол кырсыгы азайганын айтып жатканы менен, жалпы статистика көңүл жылыта элек.
Бишкекте 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү. Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген өңдүү кинелерди коюшту.
Алты жашар уулунун өлүмүн акыйкат тергелишин талап кылган ата. Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө жана анализдер. Миграциядагы эне өзү гана эмес, баласын да өнөкөт ооруга дуушар кылууда. Уздар сейрек колдонгон ыкма менен өзгөчө сүрөттөрдү жараткан саймачы.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды. Ал тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш, үч пайызды саясатчылар өз кызыкчылыктарына колдонуп кетерин айтты.
Нарындык Элайым Дүйшөбаева лыжа боюнча эл аралык таймаштарга даярданып жатат. Трансплантация маселеси Кыргызстанда чоң көйгөйгө айланды. Шарты жок коомдук транспортто кыйналган майыптардын көйгөйү. “Данисте” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Коомдук транспорт же такси кызматын колдонуудан кыйналган майып кыздар «Азаттыкка» өз окуяларын айтып беришти. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, борбордо жалпысынан 150 троллейбус бар, анын 87синде гана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыктуу шарттар каралган.
Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак. Бишкекте жаштар Уланбектин туулган күнүн утурлай журналистти эскерүү кечесин өткөрүштү.
“Данисте” телепрограммасында Алай районунда жашап жаткан памирлик боордоштордун жашоосу кандай? Алардын сабатын ачуу программасы кандай жүрүп жатат? Балыкчынын мектеби миллионер бүтүрүүчүнүн каражатына оңдолду. Улакчылардын жол азабы. Түмөн түйшүктү жеңип кеткен ышкы.
Нарын дарыясында кыш чилдеде дарыядан алтын күкүмүн чогулткандар. Тиричиликтин айынан Орусияда иштеп жүргөн уул-кыздарынын балдарын баккан эненин түйшүгү. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, балбан Чынарбек Изабековдун баскан жолу. Орусиянын аскерлерин кийиндирген аялдардын чакан тигүү цехи. Көрүүчү окуянын нугун өзгөртө алган өзгөчө тасма. Ушул баяндар «Данистенин» мазмунун түздү.
Бишкектеги Ололо-Хаус борборунда 23-январдын кечинде жарандык активисттер уюштурган “Калыш же качыш керек: реакциялар өлкөсү” аттуу иш-чара өттү. Анда бир катар жаратман активисттер өлкөнүн келечеги тууралуу ой бөлүштү. Уюштуруучулар мындай иш чараны жемкорлорго каршы жана сөз эркиндигин колдоо боюн
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келди. Кыргыз тараптан берилчү жерлер анык болгону менен, Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз.
Жакындарынан ажырап, бөтөн үйдө мал багып калган Илья балдар үйүнө которулуп, мектепке бара баштады. Жаш илимпоз Наргизанын майда, бирок маанилүү кадамы. Айылына эки кабаттуу мектеп түптөгөн ишкер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
24 жаштагы Бекзат Сулпиев Орусиядагы ишин таштап, Ысык-Көл облусундагы Отрадное айылына кайтып келген. Ал ушул тапта айылдагы мектепте дене тарбиядан сабак берип жатат жана бир нече ай мурда грэплинг боюнча машыгуу залын ачкан. Спорт залдын ачылышын жылуу кабыл алган айыл жаштары анда машыгып, спорт
Дагы жүктөңүз