"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу 6 жылдан бери Москвада иштейт. Учурда курьер болуп иштеген Бекзат декабрдын башында москвалык белгилүү блогер, ютюбер Алексей Кузьминдин сынагында 20 миң рубль утушка ээ болуп
"Данистенин" майрамдык чыгарылышында жаратман, данектүү каармандар тууралуу баяндар топтомун сунуш кылабыз. Алар: кыргызстандык Бекзаттын москвалык блогерди эргиткен сөзү, Швейцариядан белек алган хоккейчи кыздар жана көлдүк себетчи ардагердин кол эмгеги.
Быйыл жыл башында "Азаттык" өлкөдөгү кыздардан түзүлгөн жалгыз хоккей командасы тууралуу тасма тарткан. Анда кыздар формасы жок болгондуктан мелдештерге катыша албай жатканын баяндаганбыз. Тасманы "Азаттыктан" көргөн Швейцариядагы мекендештер кыздар үчүн формаларды чогултуп, бир апта мурда Кыргызст
Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртпөй, Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды. Чечим 26-декабрда чыкты. Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев бул чечимди негизсиз жана мыйзамсыз деп атады. Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жаз
Өкмөт айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн жарактуу мөөнөтүн дагы узартканы жатат. Ал арада убактылуу берилген күбөлүктөрдү оригиналга алмаштыруу иштери узун кезек менен коштолууда. Жарандар жумалап документ ала албай убара болуп, күн сайын жүздөгөн киши кезек күтүп жатышканын айтып арызданышты.
Турмушта өзгөчөлөнгөн адамдарга мамилени оюнга айланткан балдар. Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасындагы жер талаш. Өжөрлүгү көптөргө үлгү Айдананын тилеги. Китепканалуу болгон аскердик бөлүк. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине саясатчы Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Депутаттар Бекназаровдун саясий тажрыйбасын эске алуу менен кызматка дайындоого макул болгонун билдиришти.
Майып балалуу энелер уюм түзүп, тиричилигине каражат таба башташты. Хабаровскиде сабалган кыргызстандык айдоочулар. Анкарадагы кыргыз эненин көркөм дүйнөсү. Улуттун уңгусунда уюп жаткан күүлөрдү даңазалаган топ. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бишкекте дүлөй жана дудук балдар окуган жатак мектептин окуучулары "Чоң курсак" деп аталган спектаклди даярдап жатышат. Алар аны видеого тартып, таратып, дудук балдарга коомчулуктун көңүлүн бургусу келет. "Азаттык" актёрлорду жана уюштуруучуларды кепке тартты.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочу саясатчыга күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү менен кине тагылг
«Азаттыктын» белгилүү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылды. Күбөлүгү жана төш белгиси 12-декабрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында Уланбектин жакындарына тапшырылды.
«Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыкты. Китепти Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев жазып, сүрөтүн Замир Илипов тарткан. Чыгарманын бет ачарын «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду уюштурду.
Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Кунары качкан Миң-Куш айылындагы уранга ууланган элдин турмушу. Пенсиядан баш тарткан жалалабаддык ардагерлер. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган айылдык энелер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын катарына кирди. Зыяндуу түтүн чыгаргандарга 1 миллиондон ашуун сом айып салынды. Топоздун этин дүйнөгө тааныткысы келген ишкер. Мюзиклге айланган кыргыз тою.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.
Райымбек Матраимов 29-ноябрда беш сааттан ашык сурак берген соң, саат 19:40 чамасында УКМКдан чыкты. Ал тышта күтүп турган журналисттердин суроолоруна жооп бербестен үнсүз гана автоунаасына отуруп, кетип калды. Мындан ары ал дагы суракка чакырылабы, сурак учурунда эмне жөнүндө сөз болду деген маалым
Элдин саламаттыгын ойлоп, жөө же ат менен айыл кыдырган нарындык фельдшер. Орусиядан Ошко келип балдарга тил үйрөтүп жаткан эжеке. Токмокто карыялар үчүн ысык чайы жана жылуу түнөгү бар пансион.
Кызыл-Кыянын кооптуу шахтыларында өз өмүрүн тобокелге салып көмүр казгандар. 200 орунда эки миң бала окуган мектеп. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Дагы жүктөңүз