Согуш, тынчтык жана эскерүү. Дүйнөнүн 19-аптасы
Пакистандын Хайдарабад шаарынын жашоочулары Исламабад менен Нью-Делинин Кашмир аймагындагы ок атышууну токтотконун майрамдап жатышат.
Новодевичье кечилканасынын үстүндө атылган салют. Орусия Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германияны жеңгенин майрамдап жаткан учур. 9-май.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана КЭРдин төрагасы Си Цзинпин Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу аземине көз салып турушат. 9-май.
Жергиликтүү жашоочу көп кабаттуу үйдүн алдында турат. Куткаруучулар анын уранды алдында калган апасын издешүүдө. Үй орусиялык авиасоккудан кийин кыйраган. Фронт линиясындагы Константинова шаары. Донецк облусу, Украина. 8-май.
Куткаруучу орусиялык соккудан кыйраган имараттын алдынан жарадар аялды алып чыгууга. Сумы облусу.
Пакистандан Кандагар провинциясына кайтып келген ооган качкындары өз жүктөрүн түшүрүп жатат.
Талаштуу президенттик шайлоонун экичи турунунун астында өткөн Европаны жактаган митингде румын желеги менен ойноп жаткан секелек кыз. Бухарест, 9-май.
Москвадагы аскердик параддын алдындагы репетицияга чыккан орусиялык аскерлердин колоннасы.
Аскердик туткандарды алмашуудан кийин үйүнө кайтып келген украиналык аскер аялдын колун өөп жатат. 6-май, Украина.
Украинанын биринчи айымы Елена Зеленская Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкандарды эскерүү митингинде. Киев, 8-май.
Украиналык жоокер согуш линиясындагы орусиялык турумдарга байкоо салууда. Днепропетровск облусу.
Кандагар провинциясындагы Аргандаб районунда салттуу мелдеш учурунда күрөшүп жаткан ооган балбандары.
Израилдик учактар Йемендеги хуситтерге сокку ургандан кийин күйүп жаткан учактын жанына келген өрт өчүрүүчү машина. Эл аралык Сана аэропорту, Йемен.
Уридеги Лагама кыштагы талаштуу Жамму жана Кашмир аймагындагы Индияга караштуу Сринагар шаарынан 100 чакырымдай алыс жайгашкан. Кыштак тургундары пакистандык артиллериянын аткылоосунан кийин эвакуация болууга даярданып жаткан жергиликтүү тургундар. 9-май.
Пакистан менен кырдаал курчугандан кийин коопсуздук эрежелерин үйрөнүп жаткан мектеп окуучулары. Калькутта, Индия. 7-май.
Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун портретин көтөрүп "Өлбөс полк" жүрүшүнө чыккандар. Санкт-Петербург, Орусия.
Украинанын улуттук тарых музейиндеги Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларын чагылдырган баррельфин жандай учуп бараткан көгүчкөн.
Талаштуу Кашмир аймагындагы Индияга караштуу Саламабад кыштагында талкаланган үйүн карап турган аял.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына Бишкекте өткөн парадды карап турган кыргыз аскери. 8-май, Бишкек, Кыргызстан.
Сербиялык студенттер ноябрда темир жолдогу бетон тосмо кулаганда каза тапкан 16 адамды эскерүү митингинде, алар муну менен катар мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Белград.