Ак-Талаада жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлардын саны 100дөн ашты

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районуна барды. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда жер титирөөнүн айынан жабыр тарткан турак жайлардын абалы менен менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.

15-майга карата райондо табигый кырсыктан жабыркаган турак жай, социалдык объекттердин саны 120дан ашты. Учурда иликтөө, табигый кырсыктын кесепетин тактоо иштери уланууда.

Жабыркаган үйлөрдүн көбү Көк-Жар, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылдарында катталганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйко жер титирөөдөн жабыркаган аймакка жетиштүү көңүл буруу керектигин айтып чыккан.

Нарында 12-майда очогунда күчү 4 жана 5,5 балл болгон эки жер титирөө катталган.

Дагы караңыз

Кыргыз бийлик өкүлдөрү АКШнын элчиси менен санкция маселесин талкуулады УКМК Көлбаевдин тобун каржылоого шек саналган казак ишкерине издөө жарыялады Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө Путин жардамчысы Мединскийди жөнөтөт УКМК Куреновдун сотко аксап, таякчан келгенин өнөкөт омуртка оорусу менен түшүндүрдүТажикстан: соцтармактарда лайк басканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоюлду Чукул кабар: Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 40 градуска чейин ысыйт Израилдин Газадагы ооруканага урган соккусунан ондогон адам мерт болгону кабарланды