Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда 12-майда болгон жер титирөөдө 99 турак жай, социалдык объект жабыркаганы аныкталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу комиссиясынын корутундусу 13-майда чыкканын, жалпы 99 тамдын, үч мектептин, бир Маданият үйүнүн дубалдарынан жаракка кеткенин билдирди.
Жабыркаган үйлөрдүн көбү Көк-Жар (36), Жаңы-Талап (28) жана Ак-Кыя (21) айылдарында катталды. Учурда иликтөө, табигый кырсыктын кесепетин тактоо иштери уланууда.
Табигый кырсыктын кесепетинин жабыркаган 53 турак жай камсыздандырылган эмес.
Нарында 12-майда очогунда күчү 4 жана 5,5 балл болгон эки жер титирөө катталган.