Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Стамбул сүйлөшүүсү: Зеленский Путин менен гана жолугууга даяр, Кремль жооп бере элек


Владимир Путин, Владимир Зеленский
Владимир Путин, Владимир Зеленский

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия - Украина сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн 15-майда Стамбулга барууну караштырып жатканын билдирди. Ал ортодо украин лидери Зеленский орус президенти менен гана жолугушууга даярдыгын билдирсе, Кремл азырынча Путиндин Стамбулга барарын бышыктай элек.

Дүйшөмбүнүн кечинде Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүндө алгачкы чет өлкөлүк расмий сапарга аттанар алдында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, бир пайда чыгарына көзү жетсе, Стамбулга токтошу мүмкүн экенин айтты:

“Эки лидер ал жерде болсо керек деп ойлойм. Бейшембиде өзүм кайсы жерде болорумду билбейм. Бир топ жолугушуулар бар. Бирок ал жакка мен да барсамбы деп турам. Иш оңунан чыгарына бир мүмкүнчүлүк бар деп санайм”.

Трамп 15-майда Стамбулда күтүлгөн Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгат деп ойлоп турганын айтты. "Бул – туура идея. Биз көп нерсени өзгөртө алабыз”, - деп телеграм-каналына жазды.

Стамбул сүйлөшүүсү: Путин Зеленский менен Путинге талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Зеленский өзү да Түркияга барарын кайталап, “орусиялыктар ал кездешүүдөн качпайт деп үмүттөнөрүн” кошумчалады.

12-майдын кечиндеги видео кайрылуусунда украин президенти Орусия чабуулдарын улантып жатканын, Кремлден Түркиядагы түз сүйлөшүү сунушуна жооп боло электигин билдирди:

"Тилекке каршы, ок атууну токтотуу тууралуу көптөгөн сунуштарга дүйнө коомчулугу Орусиядан так жооп ала элек. Орусиянын аткылоосу менен чабуулдары уланууда. Москва бетме-бет кездешүү сунушуна "ак же көк" деп айта элек. Өтө таң калычтуу жымжырттык. Орусия кандай болгон күндө да бул согушту токтотушу керек, канчалык тезирек болсо ошончолук жакшы".

Ал арада украин президентинин администрациясынын кеңешчиси Михаил Подоляк Стамбулда Зеленский Путин менен гана жолугууга даяр экенин, “согушту улантуу же токтото туруу чечимин Путин гана кабыл аларын” билдирди. Киевдин өкүлү башка форматтагы кездешүүлөр "убакытты создуктуруу" болорун айтты.

10-майда Британиянын, Германиянын, Франциянын, Польшанын жана Украинанын лидерлери Киевдеги сүйлөшүүдөн кийин Орусиядан ок атышууну 30 күнгө токтотууну талап кылышкан. Эгерде Москва 12-майдан тарта аны аткарбаса, орус экономикасынын энергетика жана банк секторуна катаал санкциялар салынарын эскертишкен.

Трамптын администрациясы бул эскертүүгө ачык кошулган эмес. 11-майда Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына Стамбулдагы сүйлөшүүлөр жок дегенде “макулдашууга жетүү мүмкүн же жок экенин аныктоого өбөлгө түзөт, эгер мүмкүн болбосо анда Европа лидерлери жана Америка Кошмо Штаттары абалды түшүнүп, тиешелүү аракеттерди көрөт" деп жазган.

Көп узабай Путин 2022-жылдын жазында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Киевдин делегациясы 15-майда Стамбул шаарына келсин деген талап койгон.

Ошондон кийин Зеленский ага макул болуп, Путин өзү да катышууга тийиш деп билдирген.

Дүйшөмбүнүн кечинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түркиянын башкы дипломаты Хакан Фидан Стамбулдагы сүйлөшүүнү телефондон талкуулады.

Мындай маанилүү жолугушууну Стамбулда өткөрүүнү 11-майда түрк лидери Режеп Таип Эрдоган сунуш кылган.

Ошол эле күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түркиядагы сүйлөшүүлөр "алдын ала шарт эч кандай койбостон өтүүгө тийиш" деп билдирди.

"АКШнын президенти Дональд Трамптын позициясы да белгилүү. Ал украин тарапты биз сунуш кылган сүйлөшүүлөргө дароо, эч кандай шартсыз катышууга үндөгөн. Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн бар аракетин жумшарын тастыктады. Бүгүн мен ушуларды гана айта алам. Жалпысынан биз узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу жолдорун издөөгө дилгирбиз".

Мунун алдында европалык лидерлер Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө чейин ок атууну токтотууга кайрадан чакырышкан.

Бирок Украинанын жергиликтүү бийликтери Херсон жана Запорожье облустары соккуга кабылганын, үч киши жабыркаганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG