Медайым жана акушер адистердин ишин талкуулаган форум өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 12-майда "Медайымдык илим изилдөө, өнүгүү, инновация" деген темада форум өтөт. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында Медайымдардын эл аралык күнүнө жана Акушерлер күнүнө арналган мындай форум быйыл алтынчы жолу уюштурулуп жатат.

Уюштуруучулар белгилегендей, медайымдар жана акушерлер Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жарымынан көбүн түзөт. Алардын туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо, калктын ден соолугун коргоодо жана жалпы саламаттык кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда орду өтө чоң. Айрыкча алыскы аймактарда, дарыгерлер жетишсиз болгон шартта медайымдар жана акушерлер жападан жалгыз медициналык жардам көрсөтүүчү болуп калышат.

Быйыл Медайымдардын эл аралык күнү "Биздин медайымдар. Биздин келечек. Медайымдарга кам көрүү – экономиканы бекемдейт" деген ураан менен өтүп жатат.

Кыргызстанда орто медициналык билими бар адистердин дээрлик 75% медайымдар түзөт. (RK)

Дагы караңыз

Бишкектеги мектепке Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылдыПакистан-Индия мунасасы: тараптар бири-бирин айыптадыКыргызстандык альпинист Асель Байбагышева Эверест чокусуна чыктыАңчынын үйүнө келген аркарлар