Жапаров жана коңшу өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

КМШнын лидерлери мемориалга гүл коюу үчүн баратат. Москва. 2015-жыл.

Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын лидерлери, Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кыргызстандыктарды жана өлкө президентин Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттукташты.

Бул тууралуу президенттик аппарат билдирди.

Куттуктоодо президенттер бул жалпы майрам экенин, мындан ара өлкөлөр ортосундагы ынтымак бекемдей бериши керектигин белгилешкен. Кыргызстан менен кызматташтык уланарына ишеним артышкан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров куттуктоосунда бул согуш адамзат үчүн сабак болушу керектигине токтолгон.

"Бул окуя – жеке эле КМШ чөлкөмү үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болуш керек! Азыр да жыйынтык чыгара билишибиз кажет! Мындан ары мындай кызыл кыргынды болтурбоонун жолун издөө азыр да актуалдуу. Биз мына ошого жооптуу болушубуз абзел! Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын баалуулугун коргоону, бейпилчиликтин баасын билип жашоону кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров кечээ, 8-майда аскердик парадга катышуу үчүн Москвага учуп кеткен. Өлкө башчысын "Внуково" аэропортунан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.

Жапаровго мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн "Кызыл Кыргызстан" жана "Правда" гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылган. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.

Бул парадга мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн бир катар президенттеринен тышкары Кытайдын лидери Си Цзинпин, Сербиянын президенти Александр Вучич жана Венесуэланын башчысы Николас Мадуро катышары кабарланды. Азербайжандын президенти Илхам Алиев иш-чарага барбай турганы 7-майда белгилүү болгон.

Москвадагы быйылкы парад Орусия менен Украинанын үч жылдык согушунун фонунда өткөнү турат. Украинада Орусиянын президенти Владимир Путин жарыялаган үч күндүк элдешүү 8-майда күчүнө кирген. Элдешүүнүн биринчи күнүндө эле эки тарап тең бири-бирин келишимди бузду деп айыптап чыгышты. (ST)

Дагы караңыз

Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтүп жататКызыл аянттагы Жеңиш күнү: Коноктордун коопсуздугун ким коргойт?Америкалык кардинал Роберт Фрэнсис Прево Рим папасы болуп шайланды