Кызыл аянттагы Жеңиш күнү: Коноктордун коопсуздугун ким коргойт?

Москвадагы парадга даярдык

Жеңиш күнү - Орусияда чейрек кылымдан бери бийликте турган президент Путиндин, жалпы эле Кремлдин саясатында пропаганданын көзүрүнө айланган. Айрыкча Украинада согуш жүрүп жатканда Москвага бул аба менен суудай зарыл экени даана көрүнөт.

Кызыл аянттагы жеңиш парады президент Владимир Путин үчүн Украинага каршы согушта өзүн даңазалоонун бир мүмкүнчүлүгү. Батыштын эсебинде Украинадагы урушта Орусиянын жоготуусу 750 миң кишиден ашты.

9-майда чейрек кылымдан бери бийликте турган Путиндин көз карашы жана мамлекеттик саясат кайсы багытка өзгөрүп баратканын байкаса болот. Айрыкча Жеңиштин 80 жылдыгынын жана Украинадагы үч жылдан ашкан согуштун фонунда өзгөрүүлөр даана сезилет.

"Ата мекендик согуштагы жеңиш Владимир Путиндин саясий мифологиясынын урунтуу учугу, анын дүйнөлүк тарыхка болгон көз карашынын өзөгү", - деп жазат Михаил Зыгарь. "Кремль бул күнгө айлап даярдык көрдү, башкаруучу режимдин пропагандалык иш тартибиндеги бараандуу окуя", - деп баалайт чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон орусиялык журналист.

9-майда көңүл бурчу бир нече жагдайга токтолсок.

Кайсы согуш?

Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согушта жалпысынан 27 миллиондон ашуун кишисинен айрылган. СССР согуштагы эсепсиз кыйроого карабай орус, украин, беларус жана башка улуттардын каармандыгы менен душманга туруштук бергенин тарыхтан билчүбүз.

2000-жылы Путин бийлик башына келгени бул олуттуу тарыхый окуяны өз кадыр-баркын арттырууга колдоно баштады. Аны менен кошо Батышты, АКШны сындап, согуштагы союздаштарынын эмгегин басмырлап келди.

2007-жылы Жеңиш күнү Путин Кошмо Штаттарды кескин сындап, кыйыр түрдө Вашингтондун саясатын нацисттик 3-рейхке салыштырган.

2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан кол салгандан кийин "неонацисттер" деген анын төл сөзүнө айланды. Орус лидери коңшусуна согуш ачканына ал өлкөнү "нацисттик хунта башкарып калганын" айтып актаган.

Кызыл аянтка ким келет?

Кремлдин маалыматына ылайык, Москвадагы парадга келүүгө эки жүздөн ашуун лидер ынтызарлыгын билдирген. Бирок айрымдары ар кандай себептен улам келе албай калышы ыктымал.

Мурдагы советтик республикалардын лидерлеринен Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана алыстан Боливиянын, Кубанын, Венесуэланын, Бразилиянын жана башка мамлекеттердин башчылары барат.

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицодон башка Европа биримдигине кирген өлкөлөрдөн эч ким Москвага барбайт.

Дагы караңыз Орусияга огожо болгон өлкөлөр жана Путиндин бешинчи мөөнөтү

Арийне, көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Орусияга ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзиньпинге кадалмакчы.

Бээжин орустардын мунай-газын сатып алып, улуттук экономикасын талкалап салбай кармап турууда жана аскердик операциясын каржылоодо Москвага огожо болуп берди. Бээжин Москва коңшусуна басып киргенде ачык бир ооз ачкан жок.

"Синин Москвадагы кадыр-баркы Кытайдын тышкы саясатында чыңалуунун күчөп баратканын баса белгилейт, - дейт Вашингтондогу Брукингс институтунун илимий кызматкери Патрисия Ким. - Бээжиндин Орусия менен стратегиялык кызматташтыгы АКШда олку-солку, Батыштын ички саясаты өйдө-ылдый болуп турганда Кытайдын дүйнөлүк жоопкерчиликтүү лидерге айланам деген тоодой дымагына шыкак берет".

Эгерде Кытай Кызыл аянттагы парадга аскерлерин жиберсе, бул Кремлге көрсөткөн колдоосунун символикалык көрсөткүчү болмокчу.

Күч-кубатын даңазалоо

Кансыз согуш маалында 9-майда аскердик парад анда-санда гана өтчү. Эң бараандуу иш-чара 7-ноябрда Октябрь ыңкылабынын урматына уюштурулуп, көбүнчө советтик аскердик техника көрсөтүлчү.

Батыштагы аналитиктер Москва курал чыгаруудагы жарышта кандай артыкчылкка ээ экенин билүү максатында параддан өткөн ракеталык жана ок атуучу курал-жабдыктын узун, туурасын кылдат иликтеп чыкчу.

Соңку он жылдыкта Кремль армияны кайра куралдандырууга бараандуу акча салгандан кийин өлкөнүн аскердик кудуретин даңазалоону адатка айландырган.

2015-жылы Кызыл аянтка жаңы Т-14 "Армата" деген согуштук танкты алып чыгышкан. Бирок ал кубаттуу согуш машинеси Украинадагы урушта колдонулган жок.

Кийинки жылкы парадда узак аралыкка учкан РС-24 "Ярс" деген баллистикалык ракетаны даңазалашкан.

2022-жылы Украинада уруш баштагандан кийин Кызыл аянттагы парадда жаңы аскердик курал-жабдык аз көрсөтүлүп калганы майданда орус армиясынын техникасы көп зыянга учурап жатканын туюнтат.

Бул жолу дагы Кызыл аянтта кандай курал-жабдык эл алдына чыгарылып же асманга көтөрүлөрү бүйүр кызытат. Ошондой эле орус расмийлери Украинадагы согушта колго түшүрүлгөн Батыштын техникасын, маселен, Bradley танкын парадда көрсөтөбү же жокпу - бул да өзүнчө кызык.

Т-90М танктары Москванын борборунда баратат. Жеңиш парадына даярдык, 3-май, 2025-жыл.

Украинанын дрондорунан ким коркот?

9-майдын алдында Украина Орусияда бутага алган жерлерге учкучсуз аппараттар менен жапырт чабуул баштады. 6-майдагы чабуулдар соңку айлардагы дрон согушунун эң масштабдуусу болду.

Киев менен Москва Вашингтондун элдешүү же ок атууну токтотууга жетишүү аракеттерине карабай бир нече айдан бери негизинен дрон жана ракета менен бири-биринин аткылап жатат.

Путин Жеңиш күнүн утурлай үч күндүк жарашууга чакырса, Зеленский от атууну 30 күнгө токтотуу тууралуу АКШнын деимлгесин алдыга сүрөгөн. Марттагы Вашингтондун мындай демилгесин Киев кабыл алса, Москва четке каккан.

Дагы караңыз Трамптын 100 күнү. Украинада согуш качан токтойт?

Бул жолу чындап эле орус офицерлери ок атууну токтотуп турары белгисиз. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин буйругу күчүндө экенин белгилеп, эгер украин армиясы ок атса Орусия жообун берерин айтты.

Зеленский баштаган украин расмийлери Москвага келип жаткан жогорку даражалуу коноктордун коопсуздугуна Киев кепилдик бере албай турганын айтышты. Украинанын чалгын кызматынын жетекчиси Кызыл аянтка парадга келаткан конокторго "кулакчын ала келүүгө" кеңеш берди.

" 9-майда Москвага бараткан же барган өлкөлөргө карата биздин позициябыз белгилүү эле, - деди Зеленский 3-майда. - Орусия Федерациясынын аймагында эмне болуп жатканына жоопкерчилик ала албайбыз. Алар силердин коопсуздугуңарды камсыздайт, андыктан биз эч кандай кепилдик бере албайбыз".

Орус бийлиги Москванын тегерек-четиндеги тургундарга бул аптада тарсылдак (фейерверк) атпай турууну эскертти. Байланыш операторлору болсо непадам учкучсуз аппараттар, алыстан башкарылган дрондор байкалса аларга бөгөт коюу максатында интернет байланыш солгун тартарын эскертти.

"Кызыл аянтты бутага алуунун кажети жок", - дейт Прагада жашаган саясий аналитик Иван Преображенский. Украиналык дрондор Москвага жетиши ыктымал экенин айткан аналитик, "анда орусиялык пропаганда парадга келген чет элдик лидерлерге кол салуу аракети деп жайылтат. Учурда анын Украинага эмне кереги бар?" - деген пикири менен бөлүштү.

Дагы караңыз "Украина бүт Европаны коргоп жатат". Зеленскийдин Прагадагы сапары

Стратегиялык өнөктөштүк

Украинадагы урушта көздөгөнү ордунан чыкпай калган соң Москва башка өлкөлөргө, оболу Түндүк Кореяга жардам сурап кайрылды.

Былтыр июнда Путин Пхеньянга стратегиялык кеңири өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюу үчүн барган. Америкалык расмий адамдардын сөзүнө караганда андан бир нече ай мурун Түндүк Корея Москвага жүз миңдеген артиллериялык снаряд жана баллистикалык ракеталарды берген.

Дагы караңыз Путин жана Ким: "Мага снаряд бересиң, сага технология берем"

Былтыр жыл соңунда 11 миң корей жоокери орус армиясы менен Курск облусуна жайгаштырылган. Чектеш аймакка украин армияы былтыр жайында кирип келип, Кремлди оңтойсуз кырдаалга кептеген. Орус командирлери украин күчтөрүн Курск облусунан сүрүп чыкканын согуштагы эрдикке теңешет.

Мындан да башка кызматташуунун кызык жактары бар. Маалыматка караганда, согушта жарадар болгон орус аскерелри Түндүк Кореяда дарыланып, ден соолугун чыңдап келет. Миңдеген корей мигрант Орусияга келип, негизинен Ыраакы Чыгышта жумушчу кол жетишсиз курулушта жана башка оор өндүрүштө эмгектенет.

Соңку маалда Түндүк Кореянын жарандарын ар кандай коомдук иш-чараларда жолуктурса болот. Владивосток шаарындагы Жеңиш күнүнө арналган иш-чарада аскер кийимчен корей балдар жүздөгөн орус жеткинчектерге кошулуп, параддан өттү.