Фридрих Мерц экинчи турда Германиянын канцлери болуп шайланды

Фридрих Мерц.

6-майда "Христиан-демократиялык союз" (CDU) жана "Христиан-социалдык союз" (CSU) консервативдүү күчтөр блогунун лидерлери Фридрих Мерцти Германиянын канцлери кылып шайлады. Ага 325 депутат добуш берди.

Эреже боюнча Мерц канцлер болуп шайланыш үчүн 316 добуш алыш керек эле. Ал биринчи турда 310 гана добуш алган. Добуш берүү жараяны жашыруун өтүп, экинчи тур уюштурулду.

23-февралда Германияда өлкө парламенти Бундестагга өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо курамына "Христиан-демократиялык союз" (CDU) жана "Христиан-социалдык союз" (CSU) кирген консервативдүү күчтөр блогу жеңишке жеткен. Блогдун депутаттары Бундестагдагы 630 мандаттын 328ин алган.

Ал эми солчул-борборчул "Германиянын социал-демократиялык партиясы (SPD) 16,4% алган.

Фридрих Мерц 2021-жылдан бери немис парламентинде алдыңкы оппозициялык лидер болуп келди, ага чейин 16 жыл бийликте болгон.

Кезектеги парламенттик шайлоо Германияда быйыл сентябрда өтмөк. Бирок былтыр 6-ноябрда Олаф Шольц баштаган, курамына SPD, либералдык "Эркин демократиялык партия" (FDP) жана Bündnis 90/Die Grünen солчул-либералдык жашылдар партиясы кирген башкаруучу коалиция таркагандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленген. (AiA)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Ооганстандын соода жүгүртүүсү 66 млн долларга жеттиРамзан Кадыров бийликтен кетээри тууралуу сөз кылдыОрусия издөө жарыялаган Екатерина Барабаш Парижде экени кабарланды