Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:54

Орусияда издөөдө жүргөн Екатерина Барабаш Парижде экени кабарланды


Екатерина Барабаш.
Екатерина Барабаш.

Орусияда издөөгө алынган журналист жана киносынчы Екатерина Барабаш Парижде экени белгилүү болду. Журналист дүйшөмбү күнү Франциянын борборунда пресс-жыйын өткөрдү. Анын айтымында, Орусиядан чыгып Францияга келишине "Чек арасыз кабарчылар" уюму жардам берген.

Журналист Орусияда "армия тууралуу фейк маалыматтарды таратууга" айыпталган. Ага коюлган айып боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Маалыматка караганда, Екатерина Барабаш 21-апрелдеги соттук отурумга катышкан эмес жана орус бийлиги ага издөө жарыялаган.

Барабаш кайда экени буга чейин белгисиз болуп жаткан. 30-апрелде анын уулу энеси коопсуз жайда экенин билдирген.

"Ал баарыңарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет", - деп жазган Юрий Барабаш Фейсбуктагы баракчасына. Журналисттин уулу Киевде жашайт.

Екатерина Барабаш 24-февралда Берлиндеги эл аралык кинофестивалдан кайтып келген учурда кармалган. Ага "орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратты" деген айып тагылып, сот үй камагына алуу чечимин чыгарган.

Маалыматка караганда, журналистке иш козголушуна анын Фейсбуктагы баракчасына жазган төрт билдирүүсү себеп болгон. Алардын биринде журналист Орусиянын Украинага чабуулун жазган. Тергөө анын билдирүүлөрү "орус армиясы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды камтыйт" деп тапкан.

Барабаш Орусиядан кантип чыгып кеткендигинин чоо-жайына токтолгон жок. Ал жол узак жана татаал болгонун, эки апта жол жүрүп Парижге жеткенин гана айтты. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG